Мавроди МММ-2011 финансылык пирамидасын жабып, жаңысын түздү

МММ-2011 пирамидасын улантуу мүмкүн эмес, төлөмдөр жаңы, МММ-2012 долбоору аркылуу аткарылат, деп финансылык пирамиданын негиздөөчүсү Сергей Мавроди өзүнүн видеокайрылуусунда билдирди. Системанын Кргызстандагы координатору, салым ээлерине төлөмдөр бериле баштаганын айтууда.

Мавродинин төлөмдөрдү токтотуу үчүн орноткон «Тынчтык» режими аяктады – эми акчалар жаңы МММ-2012 долбоору аркылуу төлөнмөкчү.

«Кыскасы, азыркы кырдаалда чындыкка тике кароо керек. МММ-2011ди улантуу мүмкүн эмес», — деген Мавроди өзүнүн видеокайрылуусунда.

МММ-2011 2012-жылы май айында, Россиянын башкы прокуратурасы бир катар кылмыш иштерин козгогондон кийин, төлөмдөрдү токтоткон. Бирок, аталган кылмыш иштери Мавродинин өзүнө каршы эмес, «аныкталбаган адамдарга» каршы козголгон.

Пирамиданын негиздөөчүсү, өзүнүн чечимине акыркы беш күндө болуп өткөн окуялар – анын беш суткага камалуусу жана козголгон кылмыш иштери себеп болгонун айткан.

«Мен, эки жума мурун, ишибизди улантабыз, деп жатканым менен, эки жума ичинде кырдаал өзгөрдү», — дейт Мавроди.

Долбоордун негиздөөчүсү өзүнүн Интернет баракчасында финансылык пирамиданын катышуучуларын системага салып жаткан каражаттарын жоготуп алуусу мүмкүн экенин билдирип, аларды эскертет. МММдин Интернет баракчасында «Акчаларыңарды салбагыла! Силер бардыгын жогтуп алышыңар мүмкүн!», деп айтылган.

Мындан мурда Мавроди бир нече ирет МММ-2011пирамидасы кулай тургандыгын айткан.

«Силердин пирамидага тартылбаган бир эле таанышыңыздар бар болсо – тынч уктай берсеңер болот. Андай болбосо деле, баарры бир кулабайт! Мындан да туруктуу болот», деп бидирген негиздөөчү өзүнүн Интернет баракчасында.

Бирок, 2012-жылдын март айында эле «Форбс» журналы, пирамиданын үсүтүбүздөгү жылдын июнь айында кулай турганын күн мүрүнтан айткан. Мындай билдирүүнү, кийинчерээк, Би-би-синин маалыматтары боюнча, Экономикалык жогорку мектептин окутуучусу Генрих Пеникас да жасаган.

Салым ээлерине төлөмдөр бериле баштады

Финансылык пирамиданын Кыргызстандагы координатору Олег, МММ-2011дин салым ээлери өздөрүнүн салымдарын кайра ала баштаганын маалымдады. Анын айтуусу боюнча, катышуучуларга алардын баштапкы салымдарын жана ага кошумча, салымдардын 10 пайыздык көлөмүн төлөп беришет.

«Азыркы учурдагы салымдар МММ-2012 аркылуу жана жаңы эрежелер менен төлөнө баштайт, каалоочулар жаңы түзүлгөн системага акчаларын сала алышат», —дейт ал.

Олег МММ-2012 мурдагы системанын каталарын жана кемчиликтерин эске алып, анын негизинде түзүлгөнүнө ишендирүүдө.

Анын айтуусу боюнча, эми ондук, жүздүк жана миңдиктер өзүнчө аймактагы салым ээлеринин эсептерин башкарышпайт, алар эрежелердин сакталуусун көзөмөлдөп, катышуучулардын алдоо иштерине бөгөт коюп турушат. Бул -жаңы долбоордун башкы артыкчылыгы.

«Каражаттар, башында белгиленгендей эле, катышуучулардын эсептеринде жатат» — дейт долбоордун башчысы.

Системанын белгисиз калууну каалаган мурдагы ондугу, келечекте «бөлуктөрдун» жетекчилерин таптакыр алып салуусу мүмкүн экенин, айтууда, себеби система «автоматташтырылып» жатат, дейт.

Долбоордун Кыргызстан боюнча коррдинаторунун маалыматтарына караганда, МММ-2011де беш миңге жакын адам катышууда, Мавродинин жаңы долбооруна болсо, 100 чакты кыргызстандык катышууну чечкен.

«Көп сандаган жаңжал жана соттор»

МММ-2011 долбоору Кыргызстанда 2011-жылдын ноябрь айынды пайда болгон.

Серепчилер пирамида менен каржы полициясы «алектениши» керек экенин айтышкан, бирок, аталган мекемеде Кыргызстанда финансиылык пирамидалардын ишмердигине уруксат берилгенин билдиришкен.

Кыргызстандын мурунку экономика министри Эмиль Уметалиев «Клоопко» берген интервьюсунда жаңыдан ачылган пирамида менен «көп жаңжал жана соттор» баланыштуу экенин маалымдаган.

«Аны [МММ-2011] менен байланышы бар нерсенин баары көп сандаган жанжал жана соттор менен байланыштуу. Мунун өзү эле, бул атка тиешеси бар бүт нерседен баш тартуу үчүн жетиштүү маалымат», – деген Уметалиев.

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөнүн жашоочуларын «провокацияга алдырбоого», мындай кызмат үчүн лицензиялуу банктарга кайрылууга чакырган.

Мамлекеттик «Кабар» маалымат агенттиги Улуттук банкка шилтеме жасап, МММ-2011ди текшерүүнү суранган каттар бардык укук коргоочу жана көзөмөлдөөчү органдарга жиберилгенин маалымдаган.

Бирок, бийликтегилер кыргызстандык «бөлүктү» текшерүү боюнча эч кандай иш-аракеттерди жасаган жок.

МММ-2011

Сергей Мавроди 1990-жылдардын башында, Россиянын тарыхындагы 15 миллион адам катышкан эң ири финансылык пирамиданы түзүп, белгилүү болгон.

Бирок, бир жарым жылдан кийин ал пирамида иштебей калып, банкрот катары жарыяланган. Ошентип, салым ээлери өздөрүнүнүн каражаттарын кайра ала алышкан эмес. Мавродиге каршы кылмыш иши козголуп, салым ээлеринин тарткан зыяндары 10 миллион долларга жакын, деп эсептелген.

Мавродини 2007-жылы ири өлчөмдөгү алдамчылыгы үчүн төрт жылга эркинен ажыратышкан. Бирок, Мавроди мөөнөтүнүн көп бөлүгүн камакта өткөрүп болгондуктан, көп өтпөй, эркиндикке чыккан.

Негиздөөчүлөрдүн маалыматтары боюна, МММ-2011дин жабылганга чейин, ага 35 миллион адам тартылган.

Автор: Улугбек Акишев