Оор жүк ташуучу унааларга болгон тыюуга нааразы айдоочулар Бишкек-Ош жолун тосушту

Оор жүк ташуучу унаалардын жүзгө жакын айдоочусу өкмөттүн тыюусуна каршы нааразычылык көрсөтүшүүдө. Чечимге ылайык, оордугу 48,5 тоннадан ашкан унааларга Кыргызстандын жолдору аркылуу жүрүүгө уруксат беирлбейт. Өмүрбек Бабанов өкмөт аталган тыюуну жокко чыгарбай турганын билдирди.

Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары өкмөттүн оор жүк ташуучу унаалар жөнүндө тыюусуна нааразычыык билдирип, өздөрүнүн унааларында Бишкек-Ош жолуна туурасынан тизилип алышкан.

Өкмөттүн 10-майдагы токтомуна ылайык, оордугу 48,5 тоннадан ашкан жана дөңгөлөктөрүнүн огуна 8 тоннадан ашык оордук туура келген жүк ташуучу автоунааларга Кыргызстандын аймагында жүрүүгө уруксат берилбейт.

Айдоочулар автоунааларын бажылык каттоодон өткөрүп, өлкө ичинде жүрүүгө укук алуу үчүн салыктарды төлөшкөнүн айтышып, аларга тыюу тууралуу алдын ала айтылып, эскертилбегенине нааразы болушууда.

«Элге кабар бериш керек, мындай унааларга эми уруксат берилбейт, деп айтуулары керек. Өкмөт автоунаалардын тизмесин түзүп, бизге бериш керек болчу», —деди жүк ташуучу унаалардын биринин айдоочусу Улан.

Анын айтуусу боюнча, бажы кызматкерлери оор жүк ташуучу унаалар үчүн дагы деле салыктарды алып жатышат, бирок, өлкөнүн ичинде алардын жүрүүсүнө тыюу салынган.

Нааразычылык көрсөтүп жаткандар өкмөткө болгон талаптарын угузушту:

Токтомду карап чыгуу – дөңгөлөктөрдүн огуна туура келген максималдуу оордукту 12 тонна, деп белгилөө;

Токтомго туура келбеген автоунааларды куугунтуктоону токтотуу;

Эмне үчүн токтомго туура келбеген унаалардын калибрин ченөө жана бажы катоосунан өткөрүү уланып жатканын түшүндүрүү;

Министрлер кабинетинин башчысы Өмүрбек Бабанов, өзүнүн УТРКдагы «Премьер-министр менен 20 мүнөт» телеберүүсүндө, өкмөт оор жүк ташуучу унааларга болгон тыюуну жокко чыгарбашын билдирген.

«Жок, жолдор жүз миңдеген АКШ доллары турат», — деп, Бабановдун басма сөз катчысы Султан Каназаров, өзүнүн «Твиттер»платформасында өкмөт башчынын сөздөрүнө шилтеме жасаган.

Кыргызстандын бажы кызматынан комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде аталган токтомду кайра кароо тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

Мындан мурда, Кыргызстардын нефтретрейдерлер ассоциациясы өкмөттүн аталган токтому өлкөнүн түштүгүнө мунай заттарды жеткирүүнүн 40 пайыздык төмөндөшүнө алып келгенин билдирген.

Ал учурда, Транспорт министрлиги нефтетрейдерлерди бул токтом кайра каралып чыга турганына ишендирген.

Азыркы тапта, булактардын билдрүүлөрү боюнча, жолдун бир тилкеси автобустардын өтүүсү үчүн ачык турат.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Улугбек Акишев жана Эльдияр Арыкбаев