Улуттар аралык жаңжалды козутууда айыпталган журналист эки күндөн бери байланышка чыкпай жатат

Улуттар аралык жаңжалды козутууда айыпталган журналист Владимир Фарафоновдун жубайы, анын кайда экендигин билбей жатканын укук коргоочу Токтайым Уметалиева жана Орусиянын бир катар маалымат агенттиктери билдиришүүдө.

Журналистти «Русское единство» кыймылынын Интернет баракчасында жана башка бир катар Интернет-басмаларда жарыялаган эмгектери аркылуу улуттар аралык жанжалды козгогон, деп айыпташууда.

Укук коргоочу Токтайым Уметалиева анын жубайы Гульнара Фарафонова жолдошунун кайда экенин билбестигин айтты.

Уметалиеванын билдирүүсүнө караганда, аталган журналист аялына телефон чалууларыга жооп бербөөсүн суранып, Ысык-Көлгө кетип калган.

“Ал жума күнү үй-бүлөсүнө коңгуроо чалып, Ысык-Көлдө болорун маалымдаган. Соттук отурумда сүйлөй турган сөздөрүн даярдай турганын айтып, анын тынчын албоону суранган. Ошондон бери аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Кайда экенин – мен билбейм», — дейт Уметалиева.

Журналистке өкүм чыга турган 21-июнь күнү Фарафоновдун жубайы жолдошунун жоголгондугу тууралуу арыз жазабы, жокпу белгилүү болот, дейт Уметалиева.

Фарафоновдун жактоочусу Владислав Лужанскийден комментарий алуу мүмкүн болбоду.

Айыпталуучунун телефонун бир күндөн бери жооп бербей жатат.

Фарафоновду мекендеши катары эсептеген Кыргызстандагы Орусиянын элчилиги да, анын кайсы жерде экенин билбейт.

Журналисттин жоголгону тууралуу биринчи болуп, орусиялык «Известия» маалыматтык Интернет баракчасы кабарлаган. Баракчада «Кыргызстандагы улуттар аралык жаңжал чыгарган, деп айыпталган орус блоггери дайынсыз» аттуу макала жарыяланган.

«Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен бир булак «Известияга» маалымдагандай, сот отурумуна бир нече күн калганда, блоггер зайыбын Ысык-Көлгө жиберген, ал азыр да ошол жерде. Ал жолдошунун кайсы жерде экени жана эмне кылганы жатканы жөнүндө эч нерсе билбестигин айтууда», — деп жазылган макалада.

Орусиянын Либерал-демократиялык партиясынан Владимир Жириновский «Известияга» берген интервьюсунда, журналистти Кыргызстандан «алып чыгыш» керек, — деп айткан.

Жириновский Фарафоновду «кыргыздардын намысы үчүн чалынган курман», деп атаганын «Известия» маалымдаган.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, милиция журналистти жоголгондугу тууралуу арыз келип түшкөндөн кийин издөөлөрдү баштайт.

Журналисттин иши боюнча өкүм чыгаруу үч ирет жылдырылган

Фарафоновдун иши боюнча үчүнчү жолу өкүм чыкпай, кийинкиге жылдырылды —мунун бул жолку себеби сот Алмазбек Молдобековдун оорусу болгон.

Журналиста обвиняют в разжигании межнациональной розни за серию публикаций в нескольких Интернет-изданиях, включая сайт движения «Русское единство».

Журналист «Русское единство» Интернет баракчасы жана башка бир нече Интернет басмаларда жарыялаган эмгектери аркылуу улуттар аралык жаңжал чыгарган, деп айыпталууда.

Мурдагы отурум журналисттин жактоочусу Владислав Лужанскийдин ооруп калганы үчүн 5 июндан 18 июнга жылдырылган. Аталган иш боюнча сот өкүмү 2012-жылдын май айында чыгарылмак, бирок ал убакта, Молдобеков иштин материалдарын толугураак изилдөөнү чечкен.

Орусиянын Либерал-демократиялык партиясы Фарафонов күнөлүү деп табылса, кыргыз мигранттарын департациялайбыз, деп коркутууда. Мындай билдирүүнү аталган партия өзүнүн Интернет баракчасында 16-июнь күнү жарыялаган.

«Расмий түрдө билдиребиз: кыргыз соту адилетсиз өкүм чыгарып, журналист Фарафонов камакка алына турган болсо, Орусиянын Либерал-демократиялык партиясы кыргыз мигранттарынын бардыгын мекенине департациялоону катуу талап кыла баштайт», — деп айтылат орусиялык либерал-демократтардын билдирүүсүндө.

Владимир Фарафонов жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын ортосундагы соттошуу үч айдан бери уланууда – УКМК аталган журналистти өзүнүн жарыялаган билдирүүлөрү менен улуттар аралык кастыкты козуткан деп, улутчулдукта айыптаган.

Кыргызстандык укук коргоо органдарын кызыктырган материалдардын арасында Фарафоновдун «Русское единство» Интернет баракчасынына жазылган макаласы бар. Макалада ал 2010-жылкы этностук чыр-чатакты баяндап жатып, «кан жана жазасыздыкдан жырткычтанган мас абалдагы, негизинен, айылдык жаш кыргыздар жашы жете элек өзбек балдардын баштарын алып жатышты», деп жазган.

Кооптуу прецедент

Илимдер академиясынын экспертизасы журналист Фарафоновдун беш макаласында улуттар аралык жаңжал чыгаруунун белгилерин таап көрсөткөндөн кийин, ага, тергөөнүн маалыматтары боюнча компьютеринен өчүрүлгөн дагы 11 макаласы тууралуу күнөө коюлган.

УКМКнын кызматкерлеринин маалыматтарына карганда, Фарафоновдун компьютеринде кайра калыбына келтиринлген, бирок журналист табылган тексттерди «атайын ойлоп табылганын» айтып, өзүнүн авторлугун танууда.

Фарафонов өзү макалаларынын националисттик мүнөздө экендигин четке кагып, эч кимге акарат кылуу ниети жок болгонуна ишендирүүдө.

Өзүнүн күнөөсүздүгүнө далил катары анын үй-бүлөсүнүн улуттар аралык мүнөзүн көрсөтүүгө болот. Журналисттин айтымында, анын үй-бүлөсүндө «кыргыздар да, орустар, казактар, татарлар, украиндер, ал турсун индустар менен малаецтер да бар».

Акыйкатчы Турсунбек Акун жана башка сот процессинин сынчылары кыргызстандын бийлигин бир тараптуулукта айыптап, улуттар арасы жаңжал чыгаргандыгы үчүн басма сөздө жарыяланып жаткан кыргыз тилдүү националисттер куугунтуктоого алынбагандыгын билдиришүүдө.

Фарафоновдун өзү мурунку отурумда, эгер ага катуу өкүм чыгарыла турган болсо, бул журналисттерди соттук куугунтукка алууда кооптуу прецедент болуп калышы мүмкүн экендигин билдирген.

Автор: Эльдос Казыбеков
Которгон: Нураида Абдыкапар кызы
Редактор: Зарема Султанбекова