Депутаттын уулу 145 млн.сомго контрабанда менен күйүүчү май ташыгандыгын моюнга алды

Улуттук коопсуздук комитети депутат Абдимуктар Маматовдун уулуна тиешелүү болгон компания Кыргызстандан Орусияга 5600 тонна күйүүчү майды контрабанда менен ташыгандыгын аныктап чыкты. Акылбек Маматов күнөөсүн моюнга алып, мамлекетке 22 миллион сом компенсация төлөп берди. Ал эми депутаттын өз уулун контрабандист катары санабайт.

Акылбек Маматовго тийиштүү «Петросел». «Трейд Ойл» жана «Фирма Мунайзат» Кыргызстандан Орусияга 145 миллион сомго 5600 тонна күйүүчү май чыгарып кеткен, дейт УКМК.

Коопсуздук комитетинин маалыматтары боюнча, бажы салыгын төлөнбөгөндүктөн мамлекеттке 22 миллион сом зыян тийгизген.

Башкы прокуратура Абдимуктар Мамтовдун уулуна карата «көп өлчөмдөгү бажы салыктарын төлөбөгөндүк» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Акылбек Маматов күнөөсүн моюнга алып, мамлекетке тийгизген зыянын төлөп берди.

Маматовдун уулунан комментарий алуу мүмкүн болбоду.

Атасы «Ата Мекен» партиясынын депутаты уулун контрабандист катары санабайт.

Анын айтымында, коопсуздук комитети кампада күйүүчү майдын жоктугун көрүп, Акылбек Маматов сатып салды деп бүтүм чыгарып коюшкан.

Депутат мунай заттар «кышкы продукт», алар жай мезгилинде «абага учуп кетет» деген пикирде.

«Мунай январь айынын бери кампаларда турат. Кышкы продукт болгондуктан, ал жайында абага учуп кетет да», — дейт депутат мырза.

“Ошондуктан алар [УКМК] кампалардын биринде мунай затты таппай, сатылып кетти деп ойлошкон”, — дейт Маматов.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттүн автору: lippert61