Көчөлөрдөгү оңдоо иштери үчүн жол тыгыны дагы бир күнгө созулушу мүмкүн

Ордо калаанын көчөлөрүндөгү оңдоо иштери үч күндө бери жол тыгындарына алып келип жатат. Мэрия алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы оңдоо иштери 20-июнда бүтөөрүн маалымдады.

Шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Жанболотов «Клоопко» берген интервьюсунда, жолдорду оңдоо иштери 20-июнь кечинде бүтөөрүн айтты.

Оңдоо иштери Москва көчөсүндө (Жаш Гвардия бульварынан Маанс проспектине чейин) жүргүзүлп жатат. Лев Толстой, Некрасов жана Гагарин көчөлөрүнүн жарымы жабылып турат.

Жанболотовдун айтымында, көчөлөрдөгү оңдоо иштери 18-июнда бүтүшү керек болчу.

«Көчөнүн тышкы кыртышын оңдоо бир күндө эле бүтүш керек болчу, бирок техникалык себептерден авто унаа бузулуп, иштерди жылдырууга туура келди. Тышкы кыртышты оңдоо бир нече сааттык эле иш», — дейт Жанболотов.

Бишкектин борбордук Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү жол тыгыны (Горький көчөсүнөн Кулатовго чейин) ысык суу түтүктөрүнүн алмаштырылышы менен байланыштуу. Жол тилкеси 25-июндан кийин колдонуга кайрадан берилет.

Бишкек шаардык МАИнин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Аманов, жол тыгынын алдын алуу үчүн жана аны менен көрөшүү үчүн көйгөйлүү жол кесилиштерине жол инспекторлорун жибергендигин айтты.

Авто унаалардын санына жана жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнө жараша жол инспекторлору светофорлордун иштөө режими тескөөгө алынат. Аманов Чүй жана Манас проспектилериндеги светофорлорду мисалга келтирди. Эгер Чүй проспекти боюнча мүнөтүнө 50 авто унаа өтсө, ал эми Манас проспектисинен 80 авто унаа өтсө, Манас көчөсүндөгү светофор беш секундка көбүрөөк күйөт.

Тез жардам авто унааларынын айдоочулары жол тыгынынан кээ бир чакырууларга жетишпей, кечигип жаткандыгын айтты.

«Мисалы, сиренаны күйгүзүп жол тыгынында бара жатсаң,эч ким сага жол бошотуп бербейт! Биз мүмкүн болушунча чакырууларга өз убагында барууга аркеттенебиз», — дейт айдоочу Рыскул Токтогулов.

Жол тыгындары ансыз деле оор жумуш шарттарын татаалдаштырат. детй такси айдоочулары.

«Биринчиден — жайдын аптабы, анан жол тыгыны — авто унаалар ысып кетет. Оңдоо иштерин эмне түнү менен жасаса болбойбу?», — деп айдоочу нааразы.

19-июнда мэриянын расмий сайтында ордо калаанын Манас, Чүй жана Жибек Жолу пропесктилеринде оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылганы жарыяланган.

Авторлор: Эльнура Бейшекеева, Дария Касмамытова, Альбина Аширбаева жана Айкерим Жеңишбек кызы.

Редактор: Анна Лелик