Кечээ 19-июнда милиция кызматкерлери келген соң оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Бишкек Ош унаа жолун ачышты. Буга чейин алар өкмөттүн Кыргызстандын ички жолдору аркылуу салмагы 48,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салган токтомуна каршы чыгышкан.
Учурда Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен ачык. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери келген соң нааразычылык акциясына чыккан жүк ташуучу унаалардын айдоочулары унааларын жол жээгине чыгарышкан.
Унаалардын биринде товары бар жеке ишкер Абдылашым Мамытовдун айтымында, алар жеңил унаалардын жолун тосушкан эмес, тыгын унаалардын биринин бузулуп калгандыгынан пайда болгон.
Бир унаа токтоп, бузулуп калды. Андан кийин тыгын пайда боло баштады. Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери келишип, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук кылып, тыгын пайда кылып жатасыңар дешти. Анан биз бир нече мүнөттөн кийин жолду бошоттук”, — дейт Абдылашым Мамытов.
Ал эми Ош облустук Ички иштер башкармалыгы бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн кайрылганыбызда жеткиликсиз болуп чыкты.
Токтотулган цемент, курулуш материалдарын, минералдык жер семирткичтерди ташыган унаалардын айдоочуларынын бир катары да нааразычылык акциясына катышкандардын катарына кошулушту.
18-июнда жүк ташуучу унаалардын айдоочулары өкмөттүн жүк ташуу унааларынын жүрүүсүнө уруксат бербеген токтомуна каршы чыгышып, өздөрүнүн унаалары менен Бишкек-Ош унаа жолуна туурасынан туруп, жолду тосуп салышкан.
Өкмөттүн 10-майда чыккан токтомуна ылайык, салмагы 48,5 тоннадан ашкан унаалар Кыргызстандын аймагында жүрүүгө болбойт.
Мындан улам айдоочулар бул тыюу тууралуу алдын ала эскертип койбогондуктарын айтышып, арызданып жатышат.
Алардын айтымдарында, айдоочулардын көпчүлүгү унаалары үчүн бажы төлөмдөрүн жана өлкөдө жүрүү үчүн салык төлөп коюшкан.
Элге кайсы үлгүдөгү унааларга тыюу салына тургандыгын билдирип коюш керек болчу. Өкмөт унаалардын тизмесин түзүп, аларды бизге беришсе болмок”, — деп арызданат айдоочулардын бири Улан.
Анын айтымында, өлкө аймагында оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынганы менен бажы кызматындагылар дагы деле болсо унаалар үчүн бажы салыгын алып жатышат.
Нааразы болгондор өкмөткө болгон талаптарынын тизмесин жарыялашты:
- Токтомду кайра карап чыгуу – негизги салмакты максималдуу 12 тонна кылып белгилөө
- Токтомго туура келбеген унааларды аңдууну токтотуу
- Токтомго туура келбеген унаалар эмнеге текшерилип, салмагы өлчөнүп жаткандыгына жана эмне үчүн бажы салыгы алынып жаткандыгына жооп берүү.
Айдоочулар эгер жогорудагы талаптар аткарылбаса өкмөттү сотко берүүгө даярданып жатышкандыктарын айтышты.
Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов УТРКдагы «Премьер-министр менен 20 мүнөт» телеберүүсүндө өкмөт оор жүк ташуучу унааларга болгон тыюу салууларды жокко чыгарбай тургандыгын билдирди.
«Жок, жолдор жүздөгөн миллион АКШ доллары турат», – деп жазат Бабановду айткан сөзүн өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Султан Каназаров өзүнүн «Твиттердеги» блогуна.
Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Мамлекеттик бажы кызматына кайрылганыбызда, алар жеткиликсиз болуп чыкты.
Ал эми Транспорт жана байланыш министрлиги өкмөттүн оор жүк ташуучу унаалары тууралуу токтомун кайра карап чыгуу боюнча азырынча түшүндүрмө бербей турууну чечишкен.
Буга чейин Кыргызстандын Мунайзат ташуучуларынын Ассоциациясы өкмөттүн тыюу салууларынын кесепетинен өлкөнүн түштүгүнө күйүүчү майларды жеткирүү 40%га төмөндөгөнүн билдирген. Анда Транспорт министрлиги айдоочулар менен мунайзат ташуучуларды токтом дагы толуктала тургандыгын айтып, ишендирген.
Автор: Алексей Ким
Редактор: Зарема Султанбекова
Сүрөт: chalkan.kg'ден алынды