Ош: борбордук көчөнү оңдоп-түзөө иштери жол тыгынына алып келди

Шаардын негизги Навои көчөсүнүн жарымында асфальтоо иштери жүргүзүүлүдө.Андыктан жол бир тараптуу тосулу болгондугунан, шаардыктарга төрт көчөнүн кесилишин айланып өтүүгө туура келүүдө. Шаардык жол башкармалыгы жол 21-июнда ачылат деп маалымдады.

Навои үч километр узундуктагы, шаардын борбордук базарындагы кире бериш көчө. Көчөнүн 250 метринде гана асфальтоо иштери болуп, калган чакырымда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө деп билдирди Ош шаарынын жол башкармалыгынын башчысынын орун басары Сатыбалды Абдылдакунов.

Шаардын бюджетинен ушул көчөнүн оңдоп-түзөө иштерине 9 миллион сом бөлүндү. Абдылдакуновдун айтымында, Навои көчөсүндөгү акыркы жол оңдолушу 5 жыл мурун болгон.

Жолдун тосулушуна байланыштуу жүргүнчүлөр, төрт көчө кесилиши аркылуу айланып өтүшүүдө. Натыйжада жол тыгындары пайда болуп жүргүнчүлөр кайсы аялдамадан чыгуудан адашууда.

Айдоочулар төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерден өтүшүүдө: Абдыкадыров, Р. Муминов, Гапар Айтиев, Навои.

Кичи автобустун айдоочусу Акылбек Мырзабаев жолдун тосулушу бир канча ыңгайсыздыктарды алып келди деп кейиди.

«Жолдор жабык айланып тегеренип жүрөбүз да. Эл да каякка барышын билбей жүрөт. Жолду жаап коюп кыйнап атат. Жүргүнчүлөр нааразы болуп жатат да, элдер түшүнгөнү түшүнөт экен түшүнбөгөнү урушуп атат»,—деди айдоочу.

Ал эми Айбек Абдрахимов пробкаларга учураганына кайыл болуп жолдун оңдолуп жатканына кубангандыгын айтты.

«Тегиз кылып койгону жакшы болуп атат, чыдайбыз да эми. Пробкаларга учурадык. Бизде нааразылык жок жолду оңдогонуна эле сүйүнүп атабыз, кыйналсак да»,—деп айтты Абдарахимов.

Ош шаарында Навои көчөсүнөн башка бир катар көчөлөр ондолууда. Борбордук, эң жандуу Монуева көчөсү узартылууда. Андан тышкары, мэрия 2012-2013 жылга эки негизги көпүрөнү оңдоп-түзөөнү пландаштырган. Алардын бирөөсү Навои, экинчиси Абдыкадыров көчөлөрүндө жайгашкан.

Автор: Арзыгүл Кенжеакунова
Редактор: Айзат Шакиева