АКШнын бийлиги «Манас» транзиттик борбору чыгарылып кеткенден кийин техникаларын Кыргызстанга калтыраарын ырастады

Кыргызстан 2014-жылы НАТОнун аскерлерин Ооганстандан алып чыгарган соң «артып калган» техникаларды алат, деп билдирет АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен. Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул маалыматты жокко чыгарган да жок, ырастаган да жок.

АКШ элчилигинин басма сөз кызматы америкалыктар Кыргызстанга куралдарын калтырбайт, деп билдирет. Бул жерде сөз НАТОнун аскерлерин Ооганстандан алып чыгып кеткенден кийин калган техникалар жөнүндө сөз болуп жатат.

«АКШнын Аскердик кызматтташуу башкармалыгы Кыргызстандын Коргоо , чек ара жана баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы менен акыркы беш жыл ичинде аларга кандай техника керек боло тургандыгын тактоо боюнча иштерди алып барып жатышат», – деп билдирди элчилик.

«Азыр өлкөдө канча техника кала тургандыгы тууралуу айтуу эрте. Элчилик кайсы техника жөнүндө сөз болуп жаткандыгын тактап жатат», – делет Американын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн катында.

Коргоо министрлиги азырынча комментарий бербей турууну чечти – мекеме АКШ бийлигинин маалыматын ырастаган да жок, четке да каккан жок.

Орусиянын «Коммерсант» гезити 15-июнда өзүнүн жеке булактарына шилтеме жасап, «Орто Азия экинчи колдон курал алат» деген тема менен АКШ өкмөтү 2014-жылдан кийин Борбордук Азия өлкөлөрүнө «аскердик техниканы» калтырат, деп жазып чыккан.

Гезит Борбордук Азияда танктарды ташуучу, сүйрөөчү жана суу ташуучу унаалар, адистештирилген грейдерлер менен бульдозерлер кала тургандыгын жазган,

НАТОнун коопсуздук боюнча Эл аралык күчтөрү менен «Талибан» ислам уюмунун ортосундагы күрөш 11 жылдан бери уланып келет.

НАТОнун аскерлери башынан бери эле талибдерди сүрүп чыгуу үчүн Ооганстандын аймагында болуп келет. Алардын дагы бир максаты – «Талибандын» шериктештери болгон жана 2001-жылдын сентябрь айындагы АКШдагы террористтик актыны өз мойнуна алган «Аль-Каиданы» жок кылуу.

Кыргызстанда 2001-жылдын декабрынан бери жайгашып турган американын «Манас» авиабазасы бар. Кийин ал Транзиттик жүк ташуу борбору деп өзгөртүлгөн.

«Манастын» өкүлдөрүнүн расмий билдирүүлөрүнө ылайык, Транзиттик жүк ташуу борборунун кызматына Ооганстандагы коопсуздукка көмөк көрсөтүү кирет.

Авторлор: Зарема Султанбекова жана Анара Адылбек кызы

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Flickr.com сайтынын 103D ACS колдонуучусу