Кендерди австралиялык «Вью Ресорсез» компаниясы сатып алгандыгы тууралуу 18-июнда белгилүү болду. Бул тууралуу дароо эле бир нече чет элдик маалымат сайттары билдирди. Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги бул келишимди жокко чыгарып жатат.
Эл аралык «Рейтерс» маалымат агенттиги менен бизнеске сереп салган «ПроэктивИнвесторс» сайттары австралиялык «Вью Ресорсе» компаниясы гонконгдук «Коккиа Коул» компаниясындагы 80% акциясын сатып алгандыгы тууралуу жазышкан.
Басылып чыккан маалымат боюнча, «Коккиа» компаниясы Ош облусунун Өзгөн районундагы «Туюк-Каргаша», «Коккиа» жана «Миң-Теке» деген үч көмүр шахтасына ээлик кылат.
Келишимдин болжолдуу баасы 10,2 миллион АКШ долларын түзгөн. Сайттардын маалыматтары боюнча, кенди өздөштүрүү үчүн казуу иштери 2012-жылдын июль айынан сентябрга чейин жүрөт.
«Жалган маалымат»
Геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Касиет Карачолокова мекемеде келишим тууралуу эч кандаq маалымат жок экендигин билдирди.
Ал кошумчалагандай, Өзгөн районундагы аталган көмүр шахталарына башка компания ээлик кылат. Аларга «Коккиа Коул» компаниясы тууралуу эч нерсе белгисиз.
Мекеменин маалыматы боюнча, «Туюк-Каргаша» – «Байдамар» компаниясына, «Коккиа» кен чыга турган жайы – «Чаткал-17» компаниясына тиешелүү. Ал эми «Миң-Теке» кенине жазылган лицензия жок.
«Миң-Текеге» көмүр казуу үчүн берилген лицензия жокко чыгарылса керек», – дейт Карачолокова.
«Чаткал-17» компаниясынын директору Абылбек Мырзаматов «Коккиа» кенин 10 жылдан бери иштетип жаткандыгын жана ишти токтотуу же сатуу тууралуу ою жок экендигин билдирди.
«Мен эч нерсени сатайын деген оюм жок. Ал жерде азыр адамдар иштеп жатпайбы, кантип сатмак элем? Бул жалган маалымат», деди Мырзаматов.
Ал эми австралиялык «Вью Ресорсез» компаниясынын расмий сайтында да кыргызстандык кендерди сатып алуу боюнча эч кандай маалымат жок. Компания үч күндөн бери кабарчылардын каттарына жооп бербей эле.
Автор: Александра Ли
Редактор: Улукбек Акишев
Которгон: Илгиз Чалбараков