Олимпиада-2012: Кыргызстан парус спортунда биринчи жолу катышат

Эл аралык олимпиада комитети 20 жаштагы спортчу Илья Игнатьевге лицензия берди. Бул Лондон шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга берилген 13-лицензия.

Кыргызстандын парус спорту боюнча Федерациясынын мүчөсү Александр Фетисовдун айтымында, спортчу 18-июнда Эл аралык олимпиада комитети менен Эл аралык парус спортунун федерациясынан чакыруу кагазын алган.

Фетисовдун баамында, Эл аралык олимпиада комитетинин мындай чечим чыгаруусуна Игнатьевдин буга чейин беш Эл аралык мелдешке катышкандыгы таасирин тийгизген.

«Эки жыл ичинде ал [Игнатьев] түрдүү лицензияланган мелдештер менен рейтингдик турнирлерге катышкан. Жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жана ошол көрсөткүчтөр лицензия алууда чоң роль ойноду», – деп белгилейт Парус спорту федерациясынын жетекчиси.

Учурда Улуттук олимпиада комитети менен Парус спорту федерациясы кыргызстандык спортчу үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатышат.

Лондон олимпиадасынын алдында Игнатьев 20-22-июнь күндөрү өтө турган Кыргызстандын парус спорту боюнча биринчилигине катышат.

«Андан соң спортчу машыктыруучусу Виктор Брюхов менен бирге парус спорту боюнча мелдештер өтө турган Портлэнд шаарында болушуп, ал жерде15 күн машыгышат», – дейт Фетисов.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин «Клооптун» кабарчысына берген маалыматына ылайык, Эл аралык олимпиада комитети Игнатьевге лицензияны Кыргызстандагы парус спортунун өнүгүүсү үчүн берген.

Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Жазгүл Алекеева Эл аралык олимпиада комитети лицензияны Кыргызстанга квоталык орундарды колдонуу программасы боюнча бергендигин түшүндүрдү. Бул – парус спортунун өнүгүүсүндө республиканы колдоо үчүн жасалып жатат.

Бул Лондондо өтчү XXX Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Кыргызстанга берилген он үчүнчү лицензия.

Кыргызстандык спортчулар буга чейин грек-рим жана эркин күрөш, оор жана жеңил атлетика, дзюдо, таэквон-до, марафон жана спорттун мылтык атуу түрү боюнча мелдештерге катышууга жолдомо алышкан.

2008-жылы Пекинде өткөн жайкы Олимпиадалык оюндарда кыргызстандык курама команда грек-рим күрөшү боюнча эки медаль жеңип алышкан: “күмүш” медалды Канат Бегалиев жана “коло” медалды Руслан Түмөнбаев.

Олимпиадалык оюндар 2012-жылы жайында Улуу Британиянын борбору Лондондо өтөт.

Автор: Гульжан Турдубаева

Редактор: Улукбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт Парус спорту боюнча эл аралык федерациянын расмий сайтынан алынды