Жалал-Абад облустук соту Орусия жараны Усманжан Халмурзаевди өлтүрдү деп шектелип жаткан милиция кызматкерлерин үй камагына бошотту. Судья мындай чечимин соттун жабык процессинде чыгарды. Бул өз кезегинде орусиялык консулдуктун нааразычылыгын жаратты.
Халмурзаевди өлтүрдү деп шектелип жаткан эки милиция кызматкери үй камагына бошотулду – буга чейин алар кайтарууда болчу.
Орусиялык жарандын өлүмү боюнча төрт милиция кызматкери күнөөлөнүп жатат. Алар Базар-Коргон райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери — Нургазы Туташев, Уларбек Исмаилов, Кубан Нуриев жана Мунарбек Маматалиев.
Алар өлүмгө алып келүүчү денесине оор жаракаттарды келтирүү, кызмат абалын кыянаттык менен колонуу, пара талап кылуу жана кыйноо боюнча күнөөлөнүп жатышат.
Сот жообуна тартылгандар бардык күнөөлөрдү четке кагып, Халмурзаев этиятсыздыктан, «үстүнө бетон түшүп» каза болгондугун айтышкан.
Буга чейин милиция кызматкерлери өлгөн адам мыйзамсыз түрдө унаа тетиктерин чек арада сатып жатканда өзбек чек арачылары тарабынан тепки жеген деп айтышкан.
Каза болгон Орусия жаранынын туугандарынын жактоочусу Бектурсун Калманов облустук соттун чечими боюнча Жогорку сотко доо арыз менен кайрыла тургандыктарын билдирди.
«Мен соттун кайсы түшүнүк менен мындай чечим кабыл алганын айта албайм. Бизге токтомду үч күндөн кийин гана беришет. Анын негизинде биз доо арыз жазабыз», – деди жактоочу.
Жабык жыйын
Халмурзаевдин өлүмү боюнча соттук жыйын жабык эшик артында өттү – ага Орусия консулдугунун өкүлдөрү, Эл аралык байкоочулар жана журналисттер кире алышкан жок.
Орусия консулдугунун өкүлү Алексей Красноштанов аны жыйындан мыйзамсыз чыгарып салышты деп эсептейт.
«Вена конвенциясын окуп көргүлөчү. Анда дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрү өз жарандарынын кызыкчылыктарын коргоого укугу бар экендиги көрсөтүлгөн, – деп нааразы болду Красноштанов».
Анын айтымында, катчылык жыйын башталганга чейин байкоочуларга сотко катышууга уруксат берген.
Сот залынан чыгарылган «Адилеттүүлүк» коомдук бирикмесинин юристи Уткир Джаббаров да жыйын эмнеге жабык болгондугун түшүнбөй жаткандыгын айтат.
«Жыйын ачык болушу керек болчу. Аникени анда сот жообуна тартылган адамдарга баш коргоо чарасын бекитмек», – дейт юрист.
Сот комментарий берүүгө жеткиликсиз болуп чыкты.
Халмурзаевди колго түшүрүү
Укук коргоочу борбор билдиргендей, 7-августта Халмурзаевдин үйүнө унаа тетиктерин сатып алуу үчүн [ал базарда тетик сатчу]деп үч милиция кызматкери келген. Алар үйдүн ээсин эшикке чакырышып, күч колдонуу менен унаага отурузуп алып кетип калышкан. Бир канча убакыттан кийин ишкер үйүнө чалып, милиция кызматкерлери аны өтө катуу сабап салгандыктарын жана өлүп калышы мүмкүн экендигин айткан.
Ал ошондой эле милиция кызматкерлери 6 миң АКШ долларын талап кылып жаткандыгын айткан.
Туугандары менен достору болгону 30 миң сом чогултушуп, ички иштер органдарынын кызматкерлерине беришкен.
Жубайы Зульфия Халмурзаеванын айтымында, ишкер үйүнө «катуу тепки жеп келген жана кан менен жазган».
Алган жараттарынан улам Халмурзаев ооруканада көз жумган.
Өлүктү союуда анын өлүмүнүн себеби аныкталган – төш сөөгү туурасынан сынып, жүрөгү жарылып, бул өз учурунда ички кан куюлууга алып келген.
Авторлор: Евгений Погребняк жана Александра Ли
Редактор: Зарема Султанбекова
Которгон: Илгиз Чалбараков
Сүрөт: «Эркиндик үнү» укук коргоо фондунун расмий сайтынан алынды