Талас облустук соту губернатордун мурунку орун басарын пара алгандыгы үчүн беш жылга эркинен ажыратты. Айыпталуучу тараптын жактоочусу соттун чечимин мыйзамсыз деп, Жогорку сотко кайрылаарын маалымдады.
Талас облусунун губернаторунун мурунку орун басары Нүсүпжан Бектенов 2011-жылдын 3-августунда иш бөлмөсүндө үч миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Мындан сырткары авто унаасынан бир мүшөк ун да табылган.
Губернатордун орун басарына карата “опузалап пара алуу” жана “паракорчулук” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Талас шаардык соту кылмыш ишинин составнын жоктугунан Бектеновду актап чыккан. Бирок, прокуратуранынын аппеляциясы менен иш облусттук сотко жөнөтүлгөн.
19-июндагы облусттук соттун чечими менен губернатордун орун басары беш жылга эркинен ажыратылды.
Айыпталуучу тараптын адвокаты Акын Авазбеков соттун чечимин “мыйзамсыз” деп Жогорку сотко кайрылаарын кабарлады.
«Талас облустук соту мыйзамсыз чечим кабыл алды [....] бул жерде провакация. заказ», — дейт Авазбеков.
Анын айтымында. тергөө амалдары мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөн — тергөө иштери, атайын буйрук чыгарыла электе эле башталган.
Азыркы күндө Бектенов Талас шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.
Бектенов 2010-жылдын апрель төңкөрүшүнөн кийин Талас облусунун губернаторунун орун басары болуп дайындалып, 2011-жылдын август айында кызматынан бошотулган.
Авторлор: Каныкей Марс кызы жана Гүлмайрам Сабирбекова