Күйөрмандары Виктор Цойдун туулгандыгынын 50 жылдыгын белгилешти [+видео]

Борбордун рок клубунун сахнасында Виктор Цойдун туулгандыгынын 50 жылдыгына карата концерт өттү. Иш-чара түрлүү музыканын сүйүүчүлөрүн бириктирди.

«Цой мен үчүн бул бардыгы! Ал мен басып жүргөн жер дагы, аба дагы, асман дагы, бизге жарык берип турган күн дагы», — дейт топтун лидери Ренат.

«Бул жашоодо адам ким гана болбосун адам бойдон калышы керек деп ойлойм. Мен үчүн бул өтө маанилүү. Виктор Цой ушул жөнүндө ырдаган, ал эркиндик жөнүндө ырдаган», — деп улантты музыкант.

Музыка угууга түрдүү маданияттардын өкүлдөрү жана түрдүү жаштагы адамдар келишти.

«Мен рок музыкасынын күйөрманымын деп айта албайм. Бирок “Звезда по имени солнце” деген ырдай чыгармалар эч кимди кош көңүл калтырбайт болуш керек», — дейт концерт көргөнү келген Чынгыз.

Аны улуу муундун өкүлү Евгений да колдоду:

«Виктор Цой — бул роктун дал өзү. Адамдарды бириктире турган музыка. Бул жерге отуруп угуп кетүү үчүн түрдүү контингенттин өкүлдөрү келишти».

Концерттен көз ирмем

«Группа крови» чыгармасы аткарылып жатканда зал толугу менен коштоп ырдады.

«Анын биз менен жоктугу өкүнүчтүү, бирок музыкасынын биз менен бирге болгондугу кубандырат. Ал эстелик сыяктуу, ал тирүү. Биз бул жерге кайра аны угуу үчүн келдик», — дейт күйөрман Александр.

Клубдун арт-директорунун айтымында, бул кече музыканттын 120дай күйөрманын чогултту.

Виктор Цой — советтик рок-музыкант, ырлардын автору жана сүрөтчү. Обон чыгарып, ырдын тексттерин жазып, гитарада ойноп ырдаган “Кино” рок-тобунун лидери жана жетекчиси.

Бир нече тасмага тартылган. 1990-жылы 28 жаш курагында унаа кырсыгынан каза болгон. Анын өлүмүнөн кийин «Кино» тобу ошол замат өз ишин токтоткон. 21-июнда музыкант 50 жашка толмок.

Автор: Света Зеленская

Которгон: Илгиз Чалбараков