Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, борбордук гүлбактагы отургучтардын жөлөнгүчтөрүнө жарнамаларды жайгаштыруу – бул эксперимент. Шаар тургундарынын сынына мэрия жарнактарды атайын комиссиянын тиешелүү чечимисиз албай тургандыгын билдирди.
Бишкек шаардык мэриясынын жарнама департаментинин директору Вахтанг Алаков «Клоопко» берген маегинде алюкобонддон жасалган жарнамалар болжол менен 60 отургучка жайгаштырылгандыгын айтты. Анын айтымында, эксперимент үчүн Эркиндик гүлбагынын бир бөлүгү тандалып алынып, ал жерге жарнаманы жайгаштырууну чечими кабыл алынган.
Шаардыктар тараптан көптөгөн сындардын болгондугуна карабастан шаар бийлиги жарнамаларды алууга шашылбай эле. Алаковдун айтымында, мэрия эгерде атайын комиссия жарнамаларды алууну талап кылса гана алат.
«Жарнактар жайгаштырылгандан кийин комиссия карап чыгып, коомдук пикирди изилдеп чыгышы керек болчу. Бул процесс жаңы гана башталып жатат. Албетте биз мунун бардыгын изилдеп чыгабыз жана шаардыктар үчүн кандай боло тургандыгын көрөбүз. Азырынча булар эксперимент катары гана жасалып жатат», — деп түшүндүрдү Алаков.
Анын айтымында, жарнамаларды орнотуу үчүн мэрия «бир дагы тыйын» короткон эмес. Эгер шаар тургундарына мэриянын ойлоп тапканы жагып калса анда компаниялар арасында отургучтарга жарнамаларды жайгаштыруу боюнча сынак өткөрүлөт.
«Интернетте бул боюнча талкуулар жүрүп жатат, биз коомдук пикирди изилдеп жатабыз. Алар ушул аптада чогулуп, сынактын качан өткөрүлө тургандыгын чечишет», — деди Алаков.
Ал комиссия курамына мэрдин орун басарлары жана турак жай коммуналдык чарбалар кызматынын жумушчулары кирет.
Шаардыктардын пикири
«Кока-Кола Бишкек Боттлерс» компаниясы отургучтарга биринчи болуп өз продукциясынын жарнамасын жайгаштырган.
Жарнактар жайгаштырылгандан кийин Кыргызстандын эң ири интернет-форуму «Дизелде» мэриянын демилгесин сынга алышты.
«Кока-Кола» андан көрө мэрия менен макулдашып өзүнүн стилинде жана өзүнүн жарнамасы менен шаардын белгилүү бир жерине отургучтарды орнотсо болмок. Мына ошондо аларда кадыр-барк да, сый да болмок. Ал эми жарнама жайгаштыруу үчүн жыгачты пластик менен каптоо…», — деп жазат Скрын аттуу колдонуучу.
«Дизелдин» колдонуучулары ысык аба ырайында отургучтардагы материалдар ысып, ээрип кетүү коркунучу бар экендигин айтып арызданып жатышат.
«Кандай гана сонун камкордук…Алюкобонддун температурасын элестетип көргүлө… Отургула да ыракат ала бергиле», — деп жазат лягуха мыскылдап.
Форумда тема пайда болгондон көп өтпөй компания өз жарнамасын алып салды.
«Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАКсы эс алуу жайындагы отургучтарга жарнамаларды орнотууну кайра карап чыкканын билдирди.
«Бир күндүн ичинде жарнама алынат» – деп жазган компания өкүлдөрү 22-июнда өзүнүн «Твиттердеги» расмий баракчасында.
Компаниянын коомчулук менен байланыш боюнча адиси да «Клоопко» берген маегинде мэрия жарнамаларды орнотуу үчүн каражат бөлбөгөндүгүн ырастады.
Компаниянын билдирүүсүнө ылайык, отургучтардагы жарнамалык аянттар аты аталбаган жеке жарнама агенттигинен ижарага алынган.
Алюкобонд — эки жалпак алюминийдин ортосунда пресстелген полиэтилен бар материалдын түрү. Ал имараттардын маңдайларын жана коомдук жайларда ички жасалгаларды жасоо үчүн колдонулат.
2008-жылдан бери коңшу Казахстанда алюкобондду имараттардын ички жасалгасы үчүн колдонууга тыюу салынган. Анда муну Казакстан ӨКМинин Өрткө каршы комитети өлкөгө Кытайдан төмөнкү сапаттагы алюкобонд келип жаткандыгы жана ал колдонулган объектилерде өрттөрдү пайда кылгандыгы менен түшүндүргөн.
«Клооптун» кабарчыларына Бишкек мэриясынан отургучтарга жарнама жайгаштыруу үчүн алюкобонддун кайсы түрү колдонулгандыгы тууралуу маалыматтары жок экендигин билдиришкен.
Автор: Айшоола Айсаева жана Чолпон Кожоярова
Редактор: Анна Лелик
Которгон: Илгиз Чалбараков