Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күйүүчү майдын баасы үч сомго көтөрүлдү. Мунай зат ташуучулардын айтымдарында, бензиндин баасы өкмөт тарабынан күйүүчү май жеткирген оор жүк ташуучу унааларга тыюу салгандыгынан көтөрүлдү.
«Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күйүүчү май жеткирүүдө транспорттун чыгымдардын көп болгондугунан баалар 8-10 пайызга көтөрүлдү», — дейт Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев.
Өкмөттүн 10-майда чыккан токтомуна ылайык, салмагы 48,5 тоннадан ашкан унаалар Кыргызстандын аймагында жүрүүгө болбойт.
«Бул кымбаттоолор траспорттук чыгымдардын айынан гана болуп жатат. Өкмөттүн токтомунун чыккандыгынан кымбап жатат», — деди Акенеев.
Анын айтымында, жүк ташуучу унаага канчалык көп жүк батса күйүүчү майды жеткирүүдөгү чыгым ошончолук аз болот. Өкмөт тарабынан тыюу салынган соң күйүүчү майды жеткирүүдө 10-20 тонналык жүк ташуучу унаалар колдонулуп келет.
«Азаттык» радиосу тыюу салынган жүк ташуучу унаалардын негизи бөлүгү Кытайдан өндүрүлгөн деп билдирет. Бакты күйүүчү май менен толтурган соң алардын салмагы 30 тоннадан 40-50 тоннага чейин көбөйөт.
Эгер буга чейин күйүүчү май куюуучу жайларга бир литр жеткирүүнү баасы 30-40 тыйын болсо, азыр жеткирүүнү көлөмү аз болгондуктан 2-3 сомду түзөт.
Акенеев билдиргендей, облустардын айрым райондорунда күйүүчү майдын баасы 3 сомго, ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында 1-2 сомго көтөрүлгөн
«Газпром нефть Азия» жана «Кыргыз Мунай» компанияларынын май куюуучу жайларында баалар мурунку бойдон – АИ-95 маркасындагы бензиндин литрине айдоочу мурункудай эле 40,7 сом төлөйт. «Тренд Оил» компаниясынын май куюуучу жайларында ошол эле маркадагы бензиндин баасы 43,9 сомго көтөрүлгөн.
«Газпромдун» унаалары токтомго туура келет, ошондуктан аларда баалар жогорулаган жок.
«Кыргыз Мунай», түштүккө күйүүчү май жеткирчү ири компания, алардын кампаларындагы күйүүчү майлар түгөнгөн соң баалардын көтөрүлүшү күтүлүүдө.
Акенеев кошумчалагандай, өкмөттүн тыюуулары «туура эмес» экендигин юридикалык жактан далилдөө үчүн нефтетрейдерлер ассоциациясы техникалык далилдерди даярдап жатат.
Анын айтымында, алар токтомдо көрсөтүлгөн оор жүк ташуучу унааларга салынган тыюуларды алып салууну каалап жатышат. Бирок ал кайсы үлгүдөгү унааларга экендигин айткан жок.
Бир жумадан бери 100гө жакын жүк ташуучулар Бишкек-Ош унаа жолуна чыгып, кыргызстандын унаа жолдорун сактоого негизделген өкмөттүн токтомун жокко чыгарууну талап кылып жатышат.
Министрлер кабинетинин башчысы Өмүрбек Бабанов 18-июнда КТРКнын түз эфиринде өкмөт оор жүк ташуучу унааларга болгон тыюуну албай тургандыгын билдирди.
«Жок, жолдор жүздөгөн миллион АКШ доллары турат», — деп жазат Бабановду айткан сөзүн өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Султан Каназаров өзүнүн “Твиттердеги” блогуна.
Автор: Алексей Ким
Редактор: Улугбек Акишев
Которгон: Илгиз Чалбараков.