Тажикстан: Кармалган кыргызстандык контрабандисттердин арасында алардын башчысы да бар

Тажик бийлиги мыйзамсыз сымап ташыгандыгы үчүн кармалган үч кыргызстандыктын бири контрабандисттердин башчысы деп билдирди. Тажикстан ошондой эле митинг учурунда Кыргызстандын бийлиги тарабынан кармалган 10 адамды да контрабандага тиешеси бар деп жатат. Баткен обладминистрациясы кармалган адамдар “адамдарды барымтага алуу” беренеси боюнча камакта экендигин билдирди.

20-июнда Тажикстандын укук коргоо органдары 90 килограмм сымап менен Кыргызстандын үч жаранын кармаган. Бул кармалган адамдардын нааразычылыгын жаратып, алар 21-июнь күнү 16, кийинки күнү сегиз тажикстандыкты барымтага алышкан.

Кыргызстандын укук коргоо органдары барымтадагы адамдарды бошоткон. Анын жыйынтыгында бир милиция кызматкеринин бөйрөгүнө ок тийип, жарадар болгон.

Тажикстандын Согди облусунун Баткендеги расмий өкүлү Гиёсиддин Эсанов тажик бийлиги кармалган үч кыргызстандыктын бири контрабандисттердин тобунун башчысы деп шектенип жаткандыгын айтты.

Анын айтымында, Тажикстан бийлиги 21-22-июнь күндөрү кармалган митингдин катышуучуларын да контрабандага тиешеси бар деп шектенип жатат.

Баткен обладминистрациясынын басма сөз катчысы Кубат Айбашев Баткенде өткөн митингдин катышуучуларынын бардыгы контрабандага тиешеси жок беренелер менен – «адамдарды барымтага алуу» жана «кармоо учурунда каршылык көрсөтүү» боюнча иш менен өтүп жаткандыгын айтты.

Эсанов билдиргендей, 23-июнда Кыргызстандын Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун Тажикстанга барып кармалган Кыргызстандын жарандарын өткөрүп алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүнө карабастан, аларды тажик мыйзамы менен соттоо чечими чыгарылды.

«Контрабандисттин» уулу каза болду

Баткендин Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Нуралы Бердиев Баткен облусунда Исфарада контрабанда үчүн кармалгандардын биринин баласынын өлүк денеси табылгандыгын айтты. Учурда кыргызстандыктын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Тажикстандык барымтадагылар

Сымап контрабандасы боюнча үч кыргызстандыктын кармалышына нааразы болгондордун митинги 22-июнда Баткен шаарынын Базар-Башы аймагында болгон. Нааразычылык акциясынын катышуучулары Баткен облусунун Карабак айылынын 200дөй жашоочусу. Алар айылдаштарын Кыргызстанга алып келүүнү талап кылышкан.

Түшкө жакын митингдин катышуучулары шаардын базарларынын биринен сегиз тажикстандыкты барымтага алышкан.

Милиция кызматкерлери барымтадагыларды куткаруу үчүн желим окторду колдонду.

Укук коргоо органдырынын биринин бөйрөгүнө ок тийип, учурда Баткен облустук ооруканасынын реанимациясында жатат.

Обладминистрация милиция кызматкеринин жарадар болуусуна митинг катышуучуларын күнөөлөп жатат. Алардын маалыматы боюнча, нааразычылык акциясынын катышуучуларында курал болгон.

Митинг катышуучулары бул маалыматты четке кагып, милиция кызматкери өзүнүн кесиптештеринин огунан жарат алгандыгын айтышты. Алардын айтымдарында, желим ок кайып кетип тийген.

Митинг УКМК кызматкерлери келип, уюштуруучулардын тогузун кармап кеткен соң аяктады.

Кармалгандардын айылдаштары 20-июнь күнү Баткендин базарына келген 16 тажикстандыкты кармап алышканда «контрабандисттерди» бошотуу талабын коюшкан.

Барымтадагыларды Эратов менен болгон сүйлөшүүдөн кийин кое беришкен. Анда Эратов кыргыз «контрабандисттерин» өткөрүп берүү маселесин чечип берүү убадасын берген. Учурда кармалган кыргызстандыктар Исфаранын Ички иштер бөлүмүнүнүн убактылуу кармоочу жайында камалуу.

Автор: Александра Ли

Редакторлор: Зарина Эргашева жана Бектур Искендер

Которгон: Илгиз Чалбараков