Жаңы түзүлгөн коррупцияга каршы орган жайдын аягына чейин каражатсыз калышы мүмкүн

Парламенттик комиссия «бюджетте акчанын жоктугунан» Каржы министрлигине Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматын каржылабоо тапшырмасын берди. ЭККМК болсо азырынча бюджет менен тааныша электигин билдирди.

2012-жылы мамлекеттик бюджеттен Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына каражат бөлүү каралган эмес, деп билдирди «Ата Мекен» фракциясынан депутат, ЭККМКны түзүү жана кызматкерлерди тандоону изилдөө боюнча убактылуу парламенттик комиссиянын мүчөсү Турат Мадылбеков.

Парламент жоюлган Каржы полициясынын ордуна түзүлгөн коррупция менен күрөшүү үчүн түзүлгөн жаңы органга каражат бөлүп бербөөнү тапшырмасын Каржы министрлигине берди.

«Бул кызматты түзүүдөн мурда Жогорку Кеңешке бул кызматты камсыз кылуу үчүн канча каражат керектиги жана штаттык кызматкерлердин саны канча экендиги тууралуу сметаны алып келүүлөрү керек болчу. Акысыз эч ким иштегиси келбейт да», — деп түшүндүрдү парламентарий.

Мурунку каржы полициясына делген каражатты Каржы министрлиги 2012-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр киргизилген соң гана бөлүп бере баштайт.

Парламент жаңы органды каржылоо маселесин үч күндүн ичинде чечүүсү керек – Жогорку Кеңеш 1-июлдан баштап жайкы эс алууга тарайт.

«Эгер биз үч күндүн ичинде жетишпей калсак күзүндө кароого туура келет. Кызматкерлер эки ай бекер иштешет», — деди Мадылбеков.

Жаңы мекеменин басма сөз кызматы «мекеме азырынча бюджет жана каржылоо менен тааныша элек» деп билдирди.

Каржы полициясы 2012-жылдын март айынын ортосунда премьер-министр Өмүрбек Бабанов тарабынан жоюлган.

Анда өкмөт башчысы Каржы полициясы өзүн коррупциялашкан орган катары көрсөттү деп айткан.

Марттын ортосунда өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров жаңы түзүлө турган Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү Каржы полициясынан айырмаланып “жазалоочу” орган болбойт деп айткан.

«Бул биринчи кезекте экономикалык коопсуздукту камсыз кыла турган жаңы орган болушу керек», — деген басма сөз кызматынын башчысы.

Кыргызстанда эң эле аз дегенде коррупция менен күрөшө турган беш мекеме бар.

Ошол эле учурда өлкө 4 жыл бою дүйнөдөгү эң коррупциялашкан болуп келет – Кыргызстан «Трансэренси Интернешнл» уюмунун рейтинги боюнча 182 өлкөнүн ичинен 164-орунда турат.

Авторлор: Бегимай Бекболотова жана Айкөл Болотбекова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков.