Журналист Павлюктун эстелиги Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринин бакчасынан табылды

Милиция кызматкерлери 21-майда уурдалган журналист Геннадий Павлюкка орнотулган эстеликти табышты. Бөлүктөргө бөлүнгөн айкел Бишкек шаарынын Ленин районундагы турак үйдүн бакчасынан алынды. Уурулардын өздөрү кармалган жок.

Кылмыш иликтөө жана шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 26-июнь күнү кечинде журналист Геннадий Павлюктун бөлүктөргө бөлүнгөн эстелигин Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринен табышты.

«Кечинде Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан үйдүн бакчасынан колодон жасалган эстеликтин кесиндилери табылып, алынды», — деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Милиция кызматкерлеринин айтымдарында, эстелик табылган үйдүн ээси таанышы капка салып металл алып келгенин жана 10 күндөн бери ачып көрбөгөндүгүн айткан.

Учурда укук коргоо органдары буга чейин Опера жана балет театрынан алыс эмес жерде турган эстеликти уурдап кеткен кылмышкерлердин изине түшүү үчүн жергиликтүү тургундарды суракка алып жатат.

Шаардык ИИБнин басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаеванын айтымында, эстеликти калыбына келтирүүгө болбойт.

Ал Бишкек шаарынын борборунда 20-майдан 21-майга караган түнү уурдалган.

Сол колуна диктафон кармап турган Геннадий Павлюкту чагылдырган 250 килограммдык коло эстеликтин баасы 20 миң АКШ доллар болгон.

Эстеликтен 30 кадам алыстыкта жайгашкан кафенин кароолчусу түнкү саат 2:30дарда «тарсылдаган» үндү уккан, бирок көңүл бурган эмес.

«Менин милдетим – өзүмдүн аймагымды кайтаруу», — деп түшүндүргөн кароолчу өзүнүн эч аракет көрбөгөндүгүн «Клоопко».

«Клооп» тарабынан сурамжылоого алынган эстеликке жакын жайгашкан башка мекемелердин кароолчулары эч нерсе байкабагандыктарын билдиришкен.

Эстеликти 2010-жылы, Апрель революциясынан кийин орнотушкан.

Павлюк — «Белый пароход» гезитинин негиздөөчүсү, ошондой эле «Комсомольская правда» жана «Аргументы и факты в Кыргызстане» гезиттеринин башкы редактору.

Революциядан кийин келген Убактылуу өкмөт Павлюктун өлүмүнө мурунку бийликти күнөөлөгөн.

Павлюкту 2009-жылы декабрь айында Алматы шаарынын борборунда жайгашкан алты кабаттуу үйдүн чатырынан ыргытып өлтүрүшкөн. Журналисттин өлүмүнө шектелген үч адамды 17, 11 жана 10 жылга соттошкон.

Тергөө соттолгондор менен экс-президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын байланышы бар болгондугун аныктай алган эмес.

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков.