29-июнда парламент өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөткөнү жатат

29-июнда боло турган кезексиз пленардык жыйында парламент өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөткөнү жатат. Депутат Дастан Бекешев дээрлик бардык фракциялар демилгени колдогону жаткандыгын билдирди. Азырынча өкмөттөгүлөр алдыдагы жыйын тууралуу билбейт.

Бир жумадан бери депутаттар Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтоп жатышат.

Демилге «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге таандык.

«Кабар» маалымат агенттиги кабарлагандай, 29-июнда парламенттин кезексиз жыйыны өтөт. Анда депутаттар учурдагы өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүшөт

«Атамекенчи» Бактыбек Калмаматовдун маалыматы боюнча, министрлер кабинетине ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн 52 депутат кол койгон, деп жазат “Кабар” агенттиги.

«Ар-намысчы» депутат Дастан Бекешев өзүнүн «Твиттер» баракчасындагы кичи блогуна дээрлик бардык фракциялар демилге үчүн деп жазган.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, 49тан ашык парламентарийлердин колу топтолгон.

Ал азырынча кол кое электигин, бирок министрлер кабинетине ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин колдой тургандыгын кошумчалады.

«Менде өкмөткө карата бир нече дооматым бар, аны жыйында айтам», — дейт Алтыбаева.

Депутаттын дооматтарынын бири – 2012-жылдын бюджетинин аткарылбагандыгы. Бюджетти «жакында эле» бекиттик, өкмөт болсо тез эле бюджеттин өзгөртүүлөрү менен келип жатат.

«Атамекенчи» депутат Туратбек Мадылбеков демилгени колдойт, бирок анын себептерин айткан жок.

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина учурдагы өкмөттү мажбурлап иштетиш керек деп эсептеп, ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө каршы экендигин айтты.

«Ата-журтчу» Нарынбек Молдобаев да Текебаевдин демилгесине каршы.

«Ооба, кандайдыр бир кол топтоо жүрүп жатат, бирок бул абалдан чыгуунун жолу эмес. Биз өкмөткө өзүн көрсөтүүсү үчүн жетишээрлик убакыт берген жокпуз», — деп эсептейт Молдобаев.

«Республика» фракцисынан депутат Мирлан Бакиров ишенбөөчүлүк көрсөтпөйт, анткени лидери Кыргызстандын премьер-министри Өмүрбек Бабанов болгон «Республика» партиясынын мүчөсү.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров депутаттардын мындай демилгелери тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын айтты.

Кыргызстандын Констиуциясынын 85-беренесине ылайык, парламент өкмөттүн ишине канааттанбаганда ишенбөөчүлүк көрсөтөт. Ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөн соң өкмөт отставкага кетет.

Жогорку Кеңештин чечими менен президент макул болбой коюшу мүмкүн. Анда өкмөттү же министрлер кабинетинин башчысын отставкага кетирүү үчүн парламент кайрадан үч айдын аралыгында ишенбөөчүлүк көрсөтүшү керек.

Өмүрбек Бабановдун өкмөтү 2012-жылдын январь айында иштеп баштаган. Анда министрлер кабинети мамлекеттик реформалардын «100 күндүк» программасын бекиткен.

Бирок оппозиция лидери Камчыбек Ташиев өкмөт белгиленген реформаларды ишке ашыра алган жок деп билдирген. Министрлер кабинети болсо программада көрсөтүлгөн иш-чаралардын 92 пайызы аткарылган деп эсептейт.

Сүрөт Кыргызстан өкмөтүнүн сайтынан алынды.

Автор: Александра Ли

Редакторлор: Улугбек Акишев жана Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков