Караколдуктар сууну «өтө эле ашыкча колдонгондуктан» түнкүсүн суу берүү токтотулуп жатат

Муниципалдык «Водоканал» ишканасы жана «Таза-Суу» долбоору Каракол шаарынын жашоочулары бакчаларын ичүүчү суу менен сугарып 300 литр суу коротот. Бул каралган нормадан ашык, деп даттанып жатышат. Ал эми жашоочулар тескерисинче, былтыркы жылдагы оңдоо иштеринен кийин суунун күчү аз болуп, сапаты начардыгын айтып арызданышты.

«Водоканал» ишканасы Каракол шаарында сууну түнкүсүн өчүрө баштады – суу кечки саат 11ден эртең мененки 5ке чейин жок болот.

Ишкана кызматкери Татьяна Гнушина сууну өчүрүүнүн негизги себеби бакчаларды ичүүчү суу менен сугаруу жана унаа жуучу жайлардын көп көлөмдөгү сууну колдонгондугу экендигин айтты.

Ал кошумчалагандай, шаарда суу сордуруучу бир гана станция бар. Ал шаар тургундарынын керектөөлөрүн камсыз кыла албайт.

Каракол шаарында сууну тазалоо менен алектенген «Таза-Суу» долбоорунун жетекчисинин орун басары Ольга Завьялова орточо эсеп менен ар бир шаар тургуну суткасына 500 лирт суу керектей тургандыгын жана бул көрсөткүч белгиленген нормадан 300 литрге көп экендигин айтты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2010-жылга карата шаарда 67 миңден ашык киши жашаган.

«Дүйнө жүзү боюнча Караколдогудай суу колдонуу жок. Нормага ылайык, бир кишиге суткасына 200 литр болушу керек», — дейт «Таза-Суу» долбоорунун жетекчисинин орун басары.

Ал белгилегендей, шаарда суунун жетишпегендигинин негизги себеби бакчаларды ичүүчү суу менен сугаруу. Арык системалары иштебегендиктен жашоочулар таза сууну сугатка пайдаланышат.

Долбоор жетекчиси 2013-жылы «Таза-Суу» «Водоканал» менен биргеликте «бардык жерде суу басымынын» бирдей болуусуна жардам бере турган суу түтүктөрүнүн тармактарын орноткону жаткандыгын айтты. .

«Шаар төрт тилкеге бөлүнөт, ар бир тилке өзүнүн суу чыгаруучу булагына ээ болот», — дейт долбоор жетекчисинин орун басары.

«Кир суу»

Өз кезегинде караколдуктар иче турган суунун «кир» экендигин айтышып, даттанышты – шаар тургуну Айнура Сатыбалдиева акыркы мезгилдерде жаан-чачындын айынан ичүүчү суу «өтө эле кир» болуп калгандыгын айтты.

«Суу ылайланышкан, күрөң түстө, ичүүгө болбойт», — дейт Сатыбалдиева.

Анын айтымында, жай мезгилинде, өзгөчө ысык күндөрү суунун күчү аз болот.

Шаардын башка жашоочусу Асель Оторбаева 2011-жылдагы суу түтүктөрү тармагын оңдоо иштеринен кийин суу «начарыраак» агып калган.

«Суу акпай эле, суу чорголорунун бардыгы ыпырң-сыпырга толуп калып иштен чыккан. Суунун күчү такыр эле жок, жаан жаагандан кийин гана үйдө суу ага баштады», — деп нааразычылыгын билдирди Оторбаева.

Каракол шаарынын тургуну Аида Кабылбекова да кир суу менен анын акырын агуусуна даттанды.

«Ичүүгө болбойт, кайнаткандан кийин гана. Жай мезгилинде суунун күчү азаят, бардыгы тең сугарат да. Суу өтө эле кир, аны ичүүгө же кир жууга болбойт», — деди Кабылбекова.

«Стандарттарга туура келет»

«Таза-Суу» долбоорунун жетекчисинин орун басары Ольга Завьялова 2011-жылы суу тазалоочу курулуштар салынгандыгын айтты. Бирок алар шаардыктардын керектөөлөрүн камсыз кылууга жетишпейт.

«Биздин суу тазалоочу курулуштарыбыз суткасына 200 куб суу тазалай алат. Бирок бардык жерлерде суунун болуусу үчүн водоканал сууларды кошуп аралаштырышы керек. Суунун бир бөлүгү аралаштырылгандыктан кир суу агып жатат», — деп түшүндүрдү Завьялова.

Ал белгилегендей, долбоордун адистери мезгил-мезгили менен сууларда бактериялардын жок болуусуна анализ жүргүзүп турушат – суу стандартка туура келет жана эч кандай нормадан четтөө жок.

«Таза-Суу» долбоорунун жетекчисинин орун басары сууну тазалоого көп каражат кете тургандыгын айтты. Буга байланыштуу «Водоканал» суу колдонууга жаңы тарифтерди киргизгени турат.

Азырынча жаңы тарифтер тууралуу так маалыматтар жок.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Улугбек Акишев

Автор фото: JakkoJ

Которгон: Илгиз Чалбараков