Кыргыз паспортторунан үй-бүлөлүк абалы жана катталган жери тууралуу маалыматтар алынышы мүмкүн

Парламент жарандарга үй-бүлөлүк абалы жана катталган жери тууралуу маалыматтарды көрсөтпөөгө уруксат берген мыйзам долбоорун бекитти. Ички иштер министрлиги болсо аталган мыйзам долбооруна президент кол койгондон кийин алардын иши оорлоп калат деп коооптонуп жатат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Равшан Жээнбеков кыргызстандыктар паспорт алууда 11 миң сомго жеткен салык төлөп, документтерди чогултуп «кыйналып» жатышат деп эсептейт.

«КРнын жаранынын улуттук паспорту жөнүндөгү» мыйзам долбооруна ылайык, кыргызстандык үчүн паспорт алуу 300-400 сомду түзөт.

Жээнбековдун айтымында, аталган мыйзам долбоору президенттин макулдугун алуу үчүн Алмазбек Атамбаевге жөнөтүлдү. Президент кол койсо мыйзам долбоору 2013-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, паспорт алуу үчүн керек болгон документтердин саны ондон төрт документке чейин кыскарат – паспорт алуу үчүн жазылган арыз, сүрөт, салыкты төлөгөндүгү тууралуу квитанция жана ата-энесинин биринин паспорту.

Жашаган жеринен маалымкат паспорт алууда милдеттендирилген документ болбой калат.

Мыйзам долбоору паспорттун жарактуулугунун мөөнөтүн 10 жылдан 15 жылга чейин узартылышын да карайт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов мыйзам долбоору ишке кирсе мекеменин иши кыйындайт деп кооптонуп жатат.

Ал кылмышкерлерди издөөнү мисал катары келтирди – Сейитов издөөдө жүргөн жаран кайсыл жерде катталгандыгын аныктоо үчүн жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен кызматташууга туура келип калаарын айтты.

«Бул биздин ишти гана кыйындатпастан бардык кызматтардыкын кыйындатат. Мыйзам долбоорун кабыл алуудан мурда алгач механимдерин иштеп чыгуу керек. Мындай чечим кабыл алынган соң биз иштөө ыкмаларыбызды өзгөртөбүз», — дейт ИИМдин басма сөз катчысы.

Мыйзам долбоорунун тарапташтарынын катарында Борбор азиялык эркин рынок институту бар. Алар катто институту жок болгон Англия, Франция, Германия, АКШ жана башка өлкөлөрдү өз сайтында мисал келтирген.

Борбор азиялык эркин рынок институту муну жарандардын өлкөнүн аймагы боюнча эркин жүрүүсүн оорлотот, деп түшүндүрдү. Алардын маалыматтары боюнча, милиция кызматкерлери ички мигранттардын документтерин текшерип, каттоосу жок болгондугу үчүн «пара алышат».

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков