Нарын прокуратурасы Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Төлөевди 180 миң сомго «мыйзамсыз» жер саткан деп күнөөлөп жатат. Төлөев жерди мамлекеттик каттоо кызматынын уруксаты менен саткандыгын айтууда.
Башкы прокуратуранын расмий сайтында Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Төлөев 100 метр квадрат жерди «Билайн» мобилдик операторуна «мыйзамсыз» саткан деп жазылган.
Төлөев Калинин айылындагы жер тилкесин 2011-жылдын 15-октябрында өзүнүн атына жаздырып алган, кийин аны «Скай мобайл» («Билайн» бренди) компаниясына 180 миң сомго саткан.
Төлөев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык шылтоо менен жер жөнүндөгү мыйзамды бузгандыгы үчүн күнөөлөнүп жатат.
Айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы прокуратуранын бул күнөөлөөсүн четке кагып, мамлекеттик салык кызматы жер тилкесин сатууга уруксат бергендигин айтты.
Анын айтымында, аталган жер тилкеси Калинин айылында мобилдик байланыштын пайда болуусуна автоматтык телефон станциясын куруу үчүн «Билайн» мобилдик операторуна сатылган.
«Айылда мобилдик байланыш жок болчу, артта калган. Беш миң жашоочусу бар айылды байланыш менен камсыз кылуу үчүн биз «Скай мобайл» компаниясынын өкүлдөрүнө кат жолдогонбуз. Алар болсо жер тилкесин сураган», — дейт Төлөев.
Төлөевдин айтымында, ал алгач компанияга жер тилкесин 5 жылга ижарага алуусун, ал мөөнөт аяктаган соң аны 49 жылга узартууну сунуштаган. Бирок компания бул сунуштан баш тартып, жер тилкесин сатып алгысы келип жаткандыгын билдирген.
«Мен ал 180 миң сомду өзүмө алып алган жокмун, андан салыктарга, мамлекеттик салык кызматынынын өзүнө жана башка жерлерге кетти», — дейт Төлөев.
Мамлекеттик салык кызматы бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
Авторлор: Анара Адылбек кызы, Жибек Мурсакматова жана Чынара Сагындыкова
Редактор: Улугбек Акишев
Которгон: Илгиз Чалбараков