Ош: Сулайман-Тоо музей комлекси жергиликтүү бийликти корук жерлерди жеке менчикке берүүдө деп күнөөлөдө

Сулайман-Тоо музей комплексинин жетекчилиги тоонун түштүк-чыгыш тарабындагы жер тилкелерин мэрия мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берип жаткандыгын айтты. Ал эми мэрия бул иш боюнча атайын соттун чечимин гана күтүп тураарын билдирди.

Сулайман-Тоо музей комплексинин директорунун орун басары Чынарбек Жолдошев, тоонун түштүк-чыгыш тарабындагы 134 гектар жер тилкеси 2006-жылдан бери корукка алынган деп билдирди. Бул жерге ар кандай курлуштарга тыюу салынган.

Бирок, ага карабастан жергиликтүү бийлик жеке менчик курулуштарга уруксат берген, деп Жолдошев маалымдады.

“Мындайча айтканда жергиликтүү бийлик жеке менчикке берип салган, алардын бири мына “Айдар-Ата” чайканасы мыйзамсыз […] ,—деп билдирди Жолдошев.

Шаардык сот эки жылдан бери эч бир чечим кабыл албай жаткандыгын кошумчалады.

Ал эми Ош шаарынын вице-мэри Рустам Мирзаматов бул маселе боюнча чечим шаардык соттун өкүмүнөн кийин гана кабыл алынаарын айтып өттү.

“Сот алып салгыла мыйзамсыз курулуш экен десе, биз ошол күнү алып салабыз. Музейный комплекс аны эки жылдан бери ал жакка айтат бул жака айтат, мэрия аны өзү куруп алгансып” ,—деди Мирзаматов.

Ал эми “Айдар-Ата» кафесинин жетекчилиги “Клооптун” кабарчылырына интервью бергенден баш тартты.

Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү өзүнү тааныштыргысы келбеген чачтарачкананын администратордун айтымында, бул меселе “15-жылдан бери эле козголуп келүүдө”.

Музейдин жетекчилиги тоонун тегерегинде курулуш иштерине тыюу салынгандыгы жөнүндө эч качан маалымдабагандыгын администратор билдирди.

“Абдирайим аке (музейдин директору) дайыма ушул жерге келип чач алдырат, бирок эч нерсе айткан эмес”,—деп кошумчалады администратор.

Сулайман-Тоо 2009-жылы Бүткүл дүйнөлүк Юнеско мурасынын тизмесине кирген. Юнесконун негизги талабы-бул мурастын алгачкы көрүнүшүн сактап калуу. Мурастын жакынкы аймагына эч кандай жаңы курулуштарды курууга мүмкүн эмес. Музей комплексинин администрациясынын айтымында, бүгүнкү күндө 10 мыйзамсыз курулуш бар.

Авторлор: Дастан Үмөтбай уулу жана Кадича Рыскулова

Редактор: Айзат Шакиева