«Түндүк электр»: Мыйзамсыз курулуштар жер астындагы электр берүүлөрдү оңдоого тоскоол болуп жатат

Энергокомпаниянын авариялык кызматы «мыйзамсыз» курулган турак-жай, дүкөндөрдүн айынан эскирип калган кабель желелерин алмаштыра албай жатат. Мэрия курулуштардын ээлери менен соттошкону жатат.

«Түндүк электр» ААКсы жер астындагы үчтөн биринин эксплуатациялык мөөнөтү ашып кеткен эски электр берүүлөрүн алмаштыруу иштерин баштады.

Жаңылоо жана кайра куруу иштери пландалган кабелдик берүүлөрдүн 60 участкасынын 11де «мыйзамсыз» дүкөндөр жана үйлөр курулган.

Бишкек мэриясы менен «Түндүк электрдин» кызматкерлеринин биргелешип өткөргөн рейдинин жүрүшүндө Карагача токоюнун аймагында 50дөн ашык «мыйзамсыз» курулуштар аныкталган.

Курулуш ээлери үйлөрүн алуудан баш тартып жатышат. Муну менен алар жер астындагы кабелдик электр берүү желелерин оңдоого тоскоол кылышууда.

Бишкек шаардык мэриясынын жеке турак-жай курулуш департаментинин жетекчиси Азамат Сагындык уулу бул курулуштарга ким уруксат бергендиги белгисиз экендигин айтып, маселени тартипке келтирүүнү убада кылды.

«Чындыгында эле муниципалитеттин эсебинен чыгып, департамент тарабынан жер астындагы кабелдик берүүлөрдү тосуп калган объектилер боюнча материалдар сотко даярдалып жатат», — деди Сагындык уулу.

Энергокомпаниянын маалыматы боюнча, Орто-Сай базарынын айланасындагы кабелдик электр берүү желелеринин үстүнө соода күркөлөрү курулган.

«Түндүк электр» ишканасынын тармактардын өнүгүүсү бөлүмүнүн жетекчиси Олег Бибиков алгач компания үйлөрдүн же ишканалардын курулуштарынын мыйзамдуулугун тактоого аракет кылып жаткандыгын, андан соң гана ээлерине курулушту бузуу тууралуу маалымат бере тургандыгын айтты.

Азамат Сагындык уулунун айтымында, дүкөндөрдүн, үйлөрдүн ээлери кабелдик электр берүү желелерин оңдоо укугун берүү жөнүндө кепилдик каттарын жазуулары керек.

«Мыйзамсыз» курулуштардын жашоочулары, ээлери түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатышат.

«Түндүк электр» жалпысынан 35 киловольттуу 11 чакырымдык жана 6-10 киловольттук 76 чакырымдык кабелдик берүүлөрдү алмаштырууну пландап жатат.

Сүрөттүн автору: Abdulelah_Qutub

Автор: Алексей Ким

Редакторлор: Улугбек Акишев жана Анна Лелик

Которгон: Илгиз Чалбараков