«Бишкек жылуулук берүү» коммуналдык ишканасы «Кыргызгазга» 132 миллион сомдон ашык акча карыз – мындан улам ишкана өз кардарларын ысык суу менен камсыз кыла албай жатат. «Бишкек жылуулук берүү» ишканасынын кардарларынын биринде да ысык суу жок.
«Бишкек жылуулук берүү» ишканасы аргасыздан Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы 26 миң жашоочунун ысык суусун өчүргөн – ишкана «Кыргызгазга» болгон карызынан улам абоненттерин суу менен камсыз кылуу үчүн газы жок калган.
Ишкананын директорунун орун басары Виктория Мозгачева «Бишкек жылуулук берүү» ишканасы мамлекеттик ишканалар, министрликтер ишкана алдындагы 122 миллион сомго жеткен карызын төлөгөнгө чейин суу берүүнү калыбына келтирбейт, деди.
Карыздын калган 10 миллионов сому — бул Бишкек шаарынын түштүк-батыш жагындагы жашоочуларыныкы. Алардын 4 миллиону «Жал» кичи районуна туура келет.
Мозгачеванын айтымында, ишкана ысык суу берүүнү калыбына келтириши үчүн жашоочулар жалпы карыздын 30-40 пайызын, ал эми мамлекеттик ишканалар толугу менен төлөөлөрү керек
Ал кошумчалагандай, өкмөттүн балансындагы мамлекеттик ишканалардын карызын төлөө үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт.
Мозгачева «Жал» муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери кичи район жашоочуларынан карыздарды чогултууга убада кылышканын айтты.
«Жал» кичи району — бул бизге эң ири карыз болгон аймак. Ал жактан өкүлдөр келишкен, биз аларга ким канча карыз экендиги тууралуу маалыматтар жазылган кагаздарды бергенбиз», — дейт Мозгачева.
«Кыргызгаз» ишканасынын басма сөз катчысы Жайнагүл Максимова «Бишкек жылуулук берүү» ишканасына толугу менен карызын төлөгөн соң гана газ берүүнү баштай тургандыгын айтты.
«Жашоочулар менен байланыш, карым-катнаш түзүү «Бишкек жылуулук берүү» ишканасынын көйгөйү. Эгер алар төлөбөсө бул жерде «Кыргызгаздын» кандай тиешеси бар? [...] Аласаларын чогултуп карызын төлөсүн», — дейт ал.
«Бишкек жылуулук берүү» коммуналдык ишканасы өзүнүн кардарларына ысык суу берүүнү 2012-жылдын 14-майынан бери токтоткон.
Автор: Алексей Ким
Редактор: Улугбек Акишев
Которгон: Илгиз Чалбараков