Фарафоновго карата «улуттар аралык чыр-чатакты козуткандыгы» үчүн 50 миң сом айып төлөө өкүмү чыгарылды

Биринчи май райондук соту журналист Владимир Фарафоновдун макалалары улуттар аралык чыр-чатакты козуткан деп таап, аны мамлекетке 50 миң сом өлчүмүндөгү айып төлөөгө милдеттендирген өкүм чыгарды. Соттун өкүмүн кайра карап чыгуу боюнча доо арыз 10 күн аралыгында кабыл алынат.

Биринчи май районунун судьясы Алмазбек Молдобеков журналист Фарафоновду улут аралык чыр-чатакты козутууга күнөөлүү деп өкүм чыгарды, бирок прокурордун журналистти сегиз жылга камоо талабын канааттандырган жок.

Молдобеков чечимин Фарафоновдун алгачкы соттолушу, ошондуктан аны камакка алууга байланышпаган — 50 миң сом айып төлөө жазасын бергендиги менен түшүндүрдү.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Фарафонов соттун өкүмүн кайра кароо боюнча доо арызын жазышы мүмкүн экендигин айтты. Ал сот өкүмүн «салыштырмалуу объективдүү» деп эсептейт.

Биринчи май райондук прокуратурасынын прокурору өкүм чыгарууга келген жок.

Журналист бир нече интернет басылмаларга, анын ичинде “Орус биримдиги” кыймылынын сайтына басылып чыккан улут аралык чыр-чатакты козуткан макалалары үчүн соттолду.

Күнөөлөнгөн журналист ден соолугунун «начарлап кеткендигин» айтып соттук жыйынга келген жок. Ал өзүнүн акыркы сөзүнөн да баш тартты.

Соттун мурунку жыйынында Молдобеков прокуратурага Фарафоновду мажбурлоо жолу менен 3-июлдагы жыйынга алып келүүнү тапшырган. Бирок укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын айтымында, журналист бул боюнча кабардар болгон эмес.

Биринчи май райондук прокуратурасынын прокурору муну көзөмөлдөөчү органга мажбурлап алып келүүгө бир күн жетпей калды, деп түшүндүрдү

Журналисттин иши боюнча соттук териштирүүлөр төрт айга созулду, ал эми өкүм чыгаруу беш жолу жылдырылды.

Укук коргоо органдарынын көңүлүн бурдурган материалдардын ичинде Фарафоновдун “Орус биримдигинин” сайты үчүн жазган 2010-жылдагы улут аралык кагылышты сүрөттөгөн макаласы бар. Анда журналист «жазаланбагандыгынан улам жырткычка айланган, негизинен айылдык жаш кыргыздар жашы жете элек өзбек балдарынын башын алып салышкан», — деп жазган.

Коркунучтуу прецедент

Илимдер академиясынын экспертизасы журналист Фарафоновдун беш макаласынан улут аралык каршылашууну тутантуунун белгилерин тапкан соң ага дагы 11 берене боюнча күнөө коюлган. Тергөөнүн маалыматы боюнча журналист аларды компьютеринен өчүрүп салган.

УКМКнын кызматкерлеринин маалыматы боюнча, ал беренелер Фарафоновдун компьютеринде калыбына келтирилген. Бирок журналист өзүнүн авторлугун танып, табылган тексттер жасалма деп эсептеген.

Фарфонов өзү макаласында улутчулдукка шек келтире турган сөздөр бар дегенди четке кагып, эч кимди мазактоого негиз жок экендигин айткан.

Фарафоновдун пикиринде, өзүнүн күнөөлү эмес экендигинин далили катары анын үй-бүлөсүндө орустар, кыргыздар, казактар, татарлар, украиндер, ал эмес индустардын бар экендигин айтса болот.

Акыйкатчы Турсунбек Акун баш болгон соттук процесстин сынчылары Кыргызстандын бийлигин бир тараптуулукка күнөөлөп, Кыргызстандагы улуттар аралык карама-каршылыкты козутуу үчүн басылмаларда жазылып келген кыргыз тилдүү улутчулдар куугунтукка албай тургандыгын айтышты.

Фарафонов өзү жыйындардын биринде эгер ага катуу жазалоо өкүмүн чыгарышса журналисттердик соттук куугунтуктоодо коркунучтуу прецедент болушу мүмкүн экендигин айткан.

Автор: Александра Ли

Сүрөттүн автору: Евгений Погребняк

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков