Митингге чыккандар бийлик жолдорду оңдоо убадасын берген соң Ош-Баткен унаа жолун ачышты

Ош облусунун Ноокат районундагы Дел-Карагач айыл округунун жашоочулары жолдорду оңдоо талаптары менен Ош-Баткен унаа жолун тосуп алышкан. 30 миллион сом бөлүнүп, пландалган оңдоо иштери тууралуу Транспорт министрлиги билдирген соң унаа жолу ачылды 3-июлда

50дөй киши жолдорду оңдоо талабы менен Ош-Баткен унаа жолун тосуп алышты, деп билдирди Дел-Карагач айыл округунун башчысынын орун басары Жумагүл Ураимова.

Ал айылдагы балдар «чаңдуу жолдордон» ооруп жаткандыгын, ошондуктан жашоочулар аны оңдоп асфальт төшөө талабы менен унаа жолун тосушкандыгын айтты.

«Эл жолдор чаң деп даттанып жатышат. Оор жүк ташуучу унаалар өткөндө эски үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болот. Балдар чаңдын айынан жабыр тартып жатышат», — деди Ураимова.

Ноокат районунун акими Замирбек Аскаров айылдыктарга жолду бир жумадан кийин оңдоо пландалгандыгын түшүндүргөндөн кийин унаа жолу ачылды, дейт.

«Алар экинчи жолу жолду тосуп жатышат. Бирок биз жергиликтүү жашоочулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жолду ачтык», — деди Аскаров.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз катчысы мекеме жолдорду оңдоо иштерин бир жумадан кийин баштай тургандыгын жана ага 30 миллион сом бөлүнгөндүгүн айтты.

Район жашоочулары акыркы жолу унаа жолун апрель айынын ортосунда тосушкан. Анда да жолду оңдоп, асфальт төшөө талабы коюлган.

Алардын пикири боюнча, жолдордун абалынын начардыгынан унаа кырсыктары болуп жатат, деп жазат «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-редакциясы.

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков