Тергөө абагында жаткан депутат Түлеев ачкачылык жарыялоосун токтотту

25-июндан бери УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан Бишкек шаарынын мурунку мэри жана депутат Нариман Түлеев бир аптадан соң ачкачылык жарыялоосун токтотту. Саясатчынын атасы депутатты ачкачылыгын токтотууга акыйкатчы Турсунбек Акун көндүргөн дейт.

Акыйкатчы Турсунбек Акун 2-июлда Нариман Түлеев ачкачылык жарыялоосун токтоткондугун билдирди. Анын айтымында, ага депутаттын атасы Ташболот Түлеев кайрылып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө абагында камакта жаткан баласына жардам берүүсүн өтүнгөн.

«Анын [Наримана Түлеевдин] абалы начар, ошондуктан ал [депутаттын атасы] Түлеевдин иши боюнча мониторинг жүргүзүүмдү ишемби күнү жеке өзүмдөн суранды», — деди Турсунбек Акун «Клоопко» берген маегинде.

Акыйкатчы учурда Нариман Түлеевдин абалы «өтө эле оор» деди — депутат дары алып жатат.

«Мен Нариман Түлеев менен жолугуп аны менен сүйлөштүм. Жарым саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин ал ачкачылык жарылоосун токтотууга макул болуп менин көзүмчө суу ичти. Андан кийин ал акыйкатчы Турсунбек Акундун өтүнүчүн эске алып өз эрки менен ачкачылык жарыялоосун токтотуп жаткандыгы тууралуу арыз жазды», — деди укук коргоочу.

Акыйкатчы депуттатын «кургак ачкачылык» жарыялагандыгын жана ага тамак ичүүдөн башка суудан да баш тартуу кире тургандыгын белгиледи.

Ташболот Түлеев «Клоопко» берген маегинде чын эле Акунга кайрылгандыгын ырастады.

Депутаттын атасы баласын ачкачылыктан баш тартууга көндүрүүгө аракет кылганын билдирди. Бирок Нариман Түлеев УКМКнын төрагасы Шамиль Атаханов же парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушуу уюштуруп беришсе гана токтотот тургандыгын айткан.

Ташболот Түлеевдин айтымында, депутаттын бул өтүнүчүн эки саясатчы тең «тоготпой, көңүл бурбай коюшкан».

Атаханов менен Жээнбеков бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болуп чыкты.

Түлеевдин жактоочусу Султан Баратов да депутаттын ачкачылык жарыялоосун токтотуп, туугандары алып келген тамактарды жеп жаткандыгын ырастады. Сотто депутаттын жактоочусу Нариман Түлеевди бошотууга негиз катары анын рак оорусу бар экендигин айткан.

«Коррупцияга» күнөөлөө

Нариман Түлеев учурда УКМКнын тергөө абагында. Саясатчыны коррупциялык иштери бар деп күнөөлөп жатышат – прокуратура Түлеевди 2008-2010-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезинде 200 кытайлык автобусту жогорулатылган баада сатып алган, деп күнөөлөп жатат.

Бул күнөөлөөлөр Түлеевге башкы прокурор Аида Салянова тарабынан 22-июндагы парламент жыйынында коюлган.

Түлеев менен анын жактоочусу бул күнөөлөрдү мойундарына алышкан жок. Мурунку мэр автобустарды тескерисинче, базар баасынан арзандатылган баада сатып алгандыгын айткан.

21-июнь күнү кечинде депутат өзүнүн үйүндө укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Аны суракка алуу үчүн Башкы прокуратурага алып барышкан. Ал жерде депутат төрт саат болуп, андан кое берилген.

«Депутаттын кол тийбестиги парламентарий коррупция сыяктуу оор кылмыштарга барган болсо жардам бере албайт», — деп түшүндүргөн бул аракеттердин мыйзамдуу экендигин прокуратуранын басма сөз кызматы.

Кийинки күнү, 23-июнда Түлеев өз эрки менен сурак берүү үчүн прокуратурага келген. Андан кийинки эки күндү саясатчы Бишкек ШИИБсини убактылуу кармоочу жайында өткөрдү. Ал эми 25-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө мезгили бүткөнгө чейин (21-августка чейин) УКМКнын тергөө абагына камалган.

Редактор: Анна Лелик

Которгон: Илгиз Чалбараков