Эми Бишкек шаарындагы коомдук транспорттордо жол кирени карточка аркылуу төлөөгө мүмкүн болот

Бишкек шаарынын мэриясы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын аягына чейин троллейбустар менен автобустарда жол кирени төлөөнүн жаңы системасын киргизүүнү пландап жатышат. Төлөм жүргүзүлө турган карточкалардын баасы азырынча белгисиз. Шаардык транспортту башкаруу бөлүмү мэрия 76 жаңы троллейбус сатып ала тургандыгын билдирди.

Бишкек мэриясы сентябрга чейин жол кире төлөө үчүн атайын карталар колдонула турган 76 жаңы троллейбус сатып алат, бул тууралуу шаардык транспортту башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Зайытбек Назырынбеков билдирди.

Назырынбеков жүргүнчүлөр коомдук транспортто ар бир жүргөн сайын алардын картасынын балансынан жол акы үчүн сегиз сом алынып турат, деди. Эгер картада акча түгөнүп калса балансын толтуруп алса болот.

Ал төлөм жүргүзүүнүн жаңы системасы эски троллейбустар менен автобустарда да орнотула тургандыгын билдирди.

Жаңы троллейбустар

Шаардык транспортту башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси мэрия эки түрлүү троллейбус сатып ала тургандыгын айтты: кары адамдар жана майыптар үчүн жапыз 32 троллейбус жана башка жарандар үчүн 44 бийик троллейбус сатылып алынат.

Ал кошумчалагандай, жаңы троллейбустар «киши толгон» машруткалардын көйгөйүн чечиши мүмкүн.

«Троллейбустардын саны көбөйөт, маршруткаларда жүргөн жүргүнчүлөрдүн бир бөлүгү троллейбустарда жүрүп калышат», — дейт Назырынбеков.

Борбордук троллейбустардын биринин айдоочусу Уулкан жаңы транспорттор тетиктердин жетишсиздигиндеги кыйынчылыктарды чечүүгө жардам берет деп эсептейт.

Ал тетиктердин жетишсиздигинен троллейбустар иштебей туруп калып жаткандыгын айтты.

«Биз эч жакка чыга албай калып жатабыз, бул албетте биздин маянабызга таасирин тийгизет», — дейт Уулкан.

Назырынбековдун айтымында, ар бир троллейбустун баасы 5 миллион сомду түзөт. Жалпысынан сатып алууга Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын насыясынан 700 миллион сом сарпталат.

Мэриянын маалыматы боюнча, Бишкекте 2300гө жакын маршруттук такси, 260 автобус жана 80дин тегерегиндеги троллейбус жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Акыркы жолу троллейбустук автопарк 2010-жылы шаар бийлиги белорусстук өндүрүштөгү 21 троллейбусту сатып алганда жаңыланган.

2011-жылдын февралында Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы троллейбус башкармалыгы 200 троллейбус сатып алууну убадалаган.

Автор: Бегайым Акбарова

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков