Куткаруучулар сел агымы Өзбекстанга агызып кеткен кыргызстандыктын денесин табышты

Сел агымы агызып кеткен төрт кыргызстандыктын акыркысынын денеси 10 күндөн кийин Өзбекстандан табылды. Калган үчөөсүнүн денеси 23-июнда – табигый кырсык болгондон кийинки күнү табылган.

44 жаштагы Муса Асамидиновдун денеси 2-июлда Өзбекстандын Вадил кыштагынын четинде табылды. Аны Өзбекстандын Фергана облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери табышкан.

«Бизге саат 17:30да кыргызстандыктын денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келди. Туугандары аны алып келүү үчүн кетишти», — деп билдирди ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнүн жетекчиси Куштарбек Абылов.

Бул боюнча түшүндүрмө берүүгө каза болгон адамдын туугандары жеткиликсиз болуп чыгышты.

Асамидиновдун денесин 20 кыргызстандык менен 15 өзбекстандык куткаруучу издеген. Андан сырткары издөө иштерине Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен Орозбеков айылдык аймагынын 30 жашоочусу катышкан, деп билдирди ӨКМдин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов.

22-июнда катуу жааган жаан-чачындан улам Баткен облусундагы Кадамжай районунун үч айылында сел жүргөн.

Сел агымы эки жеңил унааны агызып кеткен. Алардын биринде чөп чабыктан келе жаткан облустун төрт жашоочусу — Мурадыл Мамалаев, Аваз Нурдинов, Шайырбек Нарбаев жана Муса Асамидиновдор болгон. Алардын үчөөсүнүн денеси кийинки күнү табылган.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков