Парламент имаратында кыска кийим кийүүгө тыюу салуу демилгеси боюнча депутат менен феминисттер айтышып жатышат

Депутат Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин имаратында кыска кийим кийүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрүп чыккандан кийин интернетте анын бетинин сүрөтү тартылган кыска юбка кийген кыздардын сүрөттөрү пайда болгон. Бул акцияны эл өкүлү «буйрутма» деп эсептейт. Сүрөттүн авторлору, феминисттер болсо акция «сатира, мыскыл» экендигин айтышты.

Депутат Турсунбай Бакир уулунун сунушунан кийин 26-июнда парламенттин имаратынын ичинде кыска, ачык кийимдерди кийүүгө тыюу салынган — муну ал дресс-коддун талабы деп түшүндүргөн.

«СКью» Бишкек Феминисттик демилгеси өз блогдорунда жана «Фэйсбук» социалдык тармагындагы баракчаларына парламентарийдин бети тартылган кыска юбка кийген кыздардын сүрөттөрүн жайгаштырып интернет-акция уюштурушкан.

Бакир уулу ал сүрөттөр басылып чыккандан кийин бир аптадан кийин көңүл бөлүп, өз пикирин билдирген – депутат аны жана исламды «жаманатты кылуу үчүн» акцияны АКШ менен Израиль уюштуруп, «буйрутма» кылган деп эсептейт.

«Эгер мен силердин акцияны исламга ишенген киши катары мен үчүн кордогон, жаманатты кылган акция деп эсептеп, мусулмандарды силерге каршы тукуруп койсом эмне болот деп ойлойсуңар? Мени жана Кыргызстандагы исламды жаманатты кылуу үчүн АКШ менен Израиль канча төлөдү?» — деп жазган Бакир уулу «Фэйсбуктагы» сүрөттөрдүн алдына.

Феминисттер болсо социалдык тармактагы өз аккаунттары аркылуу Бакир уулуна аларды эч ким каржылабай тургандыгын түшүндүрүшкөн.

«Бул тамаша-сүрөттөрдү жасоо үчүн башка өлкөлөрдүн бийлиги менен акчасынын кереги жок, болгону өз парламентибиз менен элдин каршылыгы болсо болду. Биздин өлкөдө саясий тамаша өтө өнүккөн», — дешет алар.

Активисттер исламды эмес, депутаттын өзүн сындап жаткандыктарын Бакир уулуна жазышкан.

Алар кыска кийим кийүүгө тыюу салуу Кыргызстандын Конституциясынын 20.1-беренесин бузуу деп эсептешет. Аталган беренеге ылайык, өлкөдө «адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин жокко чыгара турган мыйзамдар кабыл алынбашы керек».

«Мүдүрүлүп жыгылып кетиши мүмкүн болчу»

Депутат 17-майда Жогорку Кеңештин имаратындагы дресс-коддун сакталышын көзөмөлгө алууну күчөтүүнү сунуштаган.

«Азыр танапис убагында менин алдымда кыска юбка кийген кыз кетип бараткан. Мен ага карабайт болчумун, бирок эгер мен карабасам чалынып кетип жыгылышым мүмкүн болчу», —деген парламент жыйынында Бакир уулу.

«Клооп» тарабынан сурамжыланган айым-депутаттар Бакир уулунун сунушуна ар кандай мамилелерин билдиришти – алардын үчөө депутаттын сунушун колдошту. Ал эми «Ата Мекен» фракциясынан депутат Ширин Айтматова чын эле кыска кийим кийе тургандыгын айтып, «бирок хиджаб кийүүнү каалабайм» деп тамашалады.

«СКью» Бишкек Феминисттик демилгесин негиздөөчүлөрүнүн бири Сельби Жумаева эл өкүлүнүн сунушуна карата сын-пикирин айтып, тыюу салууну «пикир айтууга болгон укукту» бузуу деп атады.

«Эркек аялдын денесине кандай кааласа ошондой кожоюндук кылууга болот деп эсептейт», — деп нааразы болду ал.

«Ошондой болсо да инсан катары кыска кийим кийүү же башка каалаган өзүн көрсөтүү аракеттерин ага көз карандысыз эле кылат», — деп эсептейт Жумаева.

Сүрөт «СКью» Бишкек Феминисттик демилгесинин «Фэйсбук» социалдык тармагындагы баракчасынан алынып, «Клооптун» форматына ылайыкташтырылды.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков