Жалал-Абад облусу: Орто-Токой суу сактагычына чөгүп кеткен жаранды табууга суучул адиси жетишсиз

3-июлда Көк-Таш айылынын тургуну Орто-Токой суу сактагычына сүзгөнү барып, чөгүп кеткенин билдирди райондун акими. Бүгүнкү күндө издөө иштери жүргөнү менен суучул адис жетишпей жатат деп маалымдады ИИБнин басма сөз катчысы.

Жоголгон жаран 40 жаштагы Алтынбек Умаров.

Жалал-Абад облусунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Таалай Сусунбаевдин айтымында, Умаров Көк-Таш айылынан шериги менен Ала-Бука районуна келе жаткан учурда сууга түшүп кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

“Жолдо токтоп, сууга чөмүлөм деп кеткен, аны 15-20 метр алыс жакта айылдашы автоунаада күтүп турган. Арадан 20-30 минута өткөндө издеп баштаган, кийин милиция кызматкерлерине жоголду деп кабар берген”,—деди Сусунбаев.

Азыркы кезде Кыргызстан боюнча сууга чөгүү фактылары көп болгондугуна байланыштуу, Орто-Токой суу сактагычына суучул адис жетишпей жатат деп кошумчалады басма сөз катчысы.

Ал эми Ала-Бука районунун акими Атантай Рыскулов жергиликтүү жашоочулар жана ӨКМ учурда издөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын маалымдады.

“Суунун түбүнө кире турган 5-6 илгич жасап, мурдатан чөмүлгөндү жакшы билген балдар ошол жерде көмөк көрсөтүп жатышат”,—деп айтты Рыскулов.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы, издөө иштерине туугандары жана жергиликтүү тургундардан 30-адам тартылган, бирок натыйжа болгон эмес деп билдирди.

Кыргызстандын ар кайсы аймагында жай келгенден баштап чөгүп кетүү боюнча 8 факты катталган.

Автор: Кадича Рыскулова