Атайын кызматтагылар министр Сабировдун үйүн тинтүүгө алышты

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун үйүндө тинтүү жүргүзүштү. Атайын кызматтагылар тарабынан чиновниктин жардамчысы Тахир Мирзаметов пара талап кылган деп шектелип жатат. Сабиров болсо жардамчысына карата бул иш атайын жасалган деп эсептейт.

4-июль күнү кечинде УКМК кызматкерлери Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун үйүн тинтүүгө алышты.

Сабиров “Клоопко” берген маегинде тинтүү учурунда УКМК кызматкерлери эч кандай оройлукка барбагандыгын, бардыгы “нормалдуу” болгондугун айтты.

Анын айтымында, тинтүү иштерин 10-12 ыкчам топтун кызматкерлери жүргүзгөн.

“Келишти. Мен эшикти өзүм ачып бердим. Толугу менен — бакчаны, үйдүн ичин бардык жерди тинтишти. Эч нерсе табышкан жок. Эч кандай дооматыбыз жок деп жазып кетишти”, — дейт министр.

Бирок, тинтүү иштери аяктаган соң Сабировдун үйүнүн жанында УКМКнын кызматкерлери менен унаалар турду.

Министр үйдөн чыккысы келбей жаткандыгын айтты.

Туугандары атайын кызмат өкүлдөрү эч нерсе таппай калгандыктан министрди “сабап” кетүүнү каалап жатышат, деп кооптонуп жаткандыктарын билдиришти.

Сабиров пара талап кылган деген шек менен УКМКга алып кеткен жардамчысы Тахир Мирзаметов аркылуу бул ишти атайын уюштуруп, аны күнөөлөгүлөрү келип жатат деп эсептейт.

Сабировдун айтымында, Мирзаметовду пара алып жаткан жеринен кармашкан – бирок чиновник өзүнүн жардамчысынын күнөөсүн четке кагып жатат. Ал бул ишти уюштуруп жардамчысын атайын эле карматып коюшту деп эсептейт.

УКМКнын кызматкерлери бул боюнча убактылуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков.