Министр Сабиров пара талап кылган деген шек менен УКМКнын тергөө абагына камалды [19:25те жаңыланды]

Социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө абагына камалды, бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Министрдин өзү бир нече жолу бул ишти атайын уюштуруп, аны күнөөлүү кылгылары келип жатат, деп билдирген.

19:25 УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Айсулуу Кудайбергенова социалдык өнүктүрүү министри тергөө абагына эки күнгө камалгандыгын билдирди.

Кудайбергенова белгиленген мөөнөт аяктаган соң тергөөчүлөр Сабировду кое беришет же анын ишин сотко жиберүүлөрү керек деди.

18:54 УКМК пара талап кылуу фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 313-беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Сабиров бул иш боюнча шектүү адам катары өтүп жатат.

«УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдары боюнча Башкы прокуратура тарабынан 2012-жылдын 30-июнунда пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон», — деп жазылган атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Билдирүүдө ошондой эле министр УКМКнын тергөө абагына камалгандыгы тууралуу маалымат бар..

Буга чейин атйын кызматтагылар министрдин жардамчысын 20 миң АКШ долларын талап кылгандыгы үчүн тергөө абагына камашкан. УКМКнын маалыматы боюнча, ал аталган суммадагы акчаны өзүнүн жетекчиси үчүн талап кылгандыгын мойнуна алган.

«Министрдин жардамчысы чет элдик компаниялардын бирине Кыргыз Республикасынын аймагында балдарды Эл аралык багып алуу тармагында иш алып барууга аккредитация маселесин чечип берүү үчүн 20 миң АКШ долларын талап кылган», — деп жазат УКМК өз билдирүүсүндө.

Андан соң 4-июлда атайын кызматтын кызматкерлери министр Равшан Сабировдун үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Сабиров “Клоопко” берген маегинде тинтүү учурунда УКМК кызматкерлери эч кандай оройлукка барбагандыгын, бардыгы “нормалдуу” болгондугун айткан.

Анын айтымында, тинтүү иштерин ыкчам топтун 10-12 кызматкери жүргүзгөн.

“Келишти. Мен эшикти өзүм ачып бердим. Толугу менен — бакчаны, үйдүн ичин бардык жерди тинтишти. Эч нерсе табышкан жок. Эч кандай дооматыбыз жок деп жазып кетишти”, — деген министр.

Автор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Илгиз Чалбараков.