УКМК министр Сабировдун пара талап кылууга тиешеси бардыгын текшерип жатат

«Пара талап кылгандыгы үчүн кармалган Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун жардамчысы атайын кызматтагыларга жетекчисинин көрсөтмөсү менен «пара талап кылгандыгын» айтты, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы. Министрдин иш бөлмөсүндө жана үйүндө атайын кызмат өкүлдөрү тинтүү жүргүзүштү. Министр өзү болсо бул ишти атайын уюштуруп, аны күнөөлүү кылгылары келип жатат, деди. УКМКнын басма сөз катчысы Нурлан Токталиев Сабиров учурда алардын мекемесинде суракта экендигин билдирди.

Өз ысымын билдиргиси келбеген УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери министрдин жардамчысынын айткандарынын тууралыгын текшерүү үчүн Сабировдун «пара талап кылууга» тиешеси бардыгы текшерилип жаткандыгын билдирди.

УКМКнын билдирүүсүнө ылайык, жардамчысы «параны» Сабировдун көрсөтмөсү боюнча талап кылгандыгын айткан.

4-июлда атайын кызматтагылар министрдин жардамчысы Тахир Мирзаметовду 10 миң АКШ долларын (470 миң сомдон көбүрөөк) алгандыгы жана 20 миң доллар (940 миң сомдон көп) талап кылгандыгы үчүн кармап кетишкен.

«Министрдин жардамчысы чет элдик компаниялардын бирине Кыргыз Республикасынын аймагында балдарды Эл аралык багып алуу тармагында иш алып барууга аккредитация маселесин чечип берүү үчүн 20 миң АКШ долларын талап кылган», — деп жазат УКМК өз билдирүүсүндө.

Башкы прокуратура министрдин жардамчысына карата Кылмыш кодексинин 313-беренеси менен каралган — ири көлөмдө пара талап кылуу боюна кылмыш ишин козгоду. Учурда Мирзаметов УКМКнын тергөө абагында камакта.

Сабиров “Клоопко” берген бир нече жолку маегинде атайын кызматтагылар бул ишти атайын эле уюштурушуп, жардамчысы менен аны күнөөлүү кылгылары келип жаткандыгын айткан.

Министрдин үйүндөгү тинтүү

4-июль күнү кечинде УКМК кызматкерлери Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун үйүн тинтүүгө алышты.

Сабиров “Клоопко” берген маегинде тинтүү учурунда УКМК кызматкерлери эч кандай оройлукка барбагандыгын, бардыгы “нормалдуу” болгондугун айткан.

Анын айтымында, тинтүү иштерин ыкчам топтун 10-12 кызматкери жүргүзгөн.

“Келишти. Мен эшикти өзүм ачып бердим. Толугу менен — бакчаны, үйдүн ичин бардык жерди тинтишти. Эч нерсе табышкан жок. Эч кандай дооматыбыз жок деп жазып кетишти”, — деген министр.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков