Ош ИИБ: Мечиттин мугалими бачабаздыкка айыпталууда

Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” мечитиндеги мугалим 9 жашар тарбиялануучу балага бачабаздык кылды деп айыпталууда. Ошол эле мечиттин имамы бул маалыматты четке какты.Кылмышка шектүү жаран Ош ИИБнин убактылуу кармоочу жайында.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул окуя “Сулайман-Тоо” мечиттин ичинде 25-июньда болгон. Андан кийин жабырлануучу баланын ата-энеси Бишкекке ден-соолугун караткан үчүн алып барган.

Изилдөөнүн максатында, айпталуучу менен жабырлануучунун аттары аталбайт.

Ош шаарынын ИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтуусунда, жабырлануучу республикалык оорукананын дарыгерлери ооруганынын себеби педофилдик иштин натыйжасында психиголгиялык зак кеткенин айтышкан.

Учурда кылмышка шектүү жаран кармалган.

«Ош шаардык ИИБнин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү 1991-жылы туулган “Сулайман-Тоо”, мечитинин мугалими Ош ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди”,—деп айтты Сыдыков.

Фамилиясын айтууну каалабаган “Сулайман-Тоо” мечитинин имамы Шакир ажы мечитте мындай кылмыш болушу мүмкүн эмес деп маалыматты четке какты.

“Бул жерде эч ким эч кимди зордуктаган жок, мугалим дагы жок, эч ким сабак берген жок”,— деди Шакир ажы.