Социалдык өнүктүрүү министри пара талап кылган деп шектелип жаткандыктан убактылуу кызматынан четтетилди

Коррупцияга тиешеси бар деп шектелип жаткан Равшан Сабиров убактылуу кызматынан четтетилди. Министр пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде шектүү катары өтүп жатат. Социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Сабировдун орун басары Кыялбек Мукашев дайындалды.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду убактылуу ээлеген кызматынан бошотту, деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Сабировдун кызматтан бошотулушу анын 20 миң АКШ долларын талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде шектүү катары өтүп жаткандыгына байланыштуу.

Социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Сабировдун орун басары Кыялбек Мукашев дайындалды.

Сабиров өзү учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө абагында камакта.

Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши 30-июнда козголгон.

4-июль күнү кечинде УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сабировдун үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Министрдин айтымында, атайын кызматтагылар тергөө учурунда эч нерсе табышкан эмес. Эртеси министр УКМКнын тергөө абагына эки күнгө камалган.

Буга чейин «Клоопко» берген маегинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Айсулуу Кудайбергенова белгиленген эки күндүк мөөнөт аяктаган соң тергөөчүлөр ишти сотко өткөрүп же Сабировду кое берүүлөрү керектигин айткан.

Ага чейин пара талап кылгандыгы үчүн Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзаметов кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал акчаны жетекчисинин көрсөтмөсү менен талап кылгандыгын айткан.

«Министрдин жардамчысы чет элдик компаниялардын бирине Кыргыз Республикасынын аймагында балдарды Эл аралык багып алуу тармагында иш алып барууга аккредитация маселесин чечип берүү үчүн 20 миң АКШ долларын талап кылган», — деп жазат УКМК өз билдирүүсүндө.

Сабиров «Клоопко» бир нече жолу атайын кызматтагылар бул ишти атайын эле уюштуруп, жардамчысы экөөнү күнөөлүү кылгылары келип жатат, деп билдирген.

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков