Министр Сабиров жайдын аягына чейин УКМКнын тергөө абагына камалды

Пара талап кылган деп шектелип, Социалдык өнүктүрүү министри кызматынан четтетилген Равшан Сабиров Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Саясатчынын жактоочусу бул чечим боюнча соттун жогорку инстанциясына даттанат.

Октябрь райондук сотунун судьясы Абдуразак Бородач Сабировду УКМКнын тергөө абагына 31-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Жайдын аягында министр тарабынан пара талап кылуу иши боюнча сот жыйыны болот.

Соттун Сабировго карата башкоргоо чарасын бекитүү жыйыны жабык эшик артында өттү. Министрдин жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча соттун жогорку инстанциясына даттана тургандыгын билдирди.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева министрдин партиялаштары болгон «Ата Мекендин» мүчөлөрү анын башкоргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч катын жаза тургандыктарын кабарлады.

Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши 30-июнда козголгон.

4-июль күнү кечинде УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сабировдун үйүндө жана иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзгөн. Министрдин айтымында, атайын кызматтагылар тергөө учурунда эч нерсе табышкан эмес. Эртеси министр УКМКнын тергөө абагына эки күнгө камалган.

Буга чейин пара талап кылгандыгы үчүн Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзаметов кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал акчаны жетекчисинин көрсөтмөсү менен талап кылгандыгын айткан.

«Министрдин жардамчысы чет элдик компаниялардын бирине Кыргыз Республикасынын аймагында балдарды Эл аралык багып алуу тармагында иш алып барууга аккредитация маселесин чечип берүү үчүн 20 миң АКШ долларын талап кылган», — деп жазат УКМК өз билдирүүсүндө.

Сабиров «Клоопко» бир нече жолу атайын кызматтагылар бул ишти атайын эле уюштуруп, жардамчысы экөөнү күнөөлүү кылгылары келип жатат, деп билдирген.

Автор: Александра Ли
Которгон: Илгиз Чалбараков