Карагандадагы унаа кырсыгынан Кыргызстандын жараны каза болду

Казакстандын Караганда облусунда жүргүнчүлөрү менен бараткан кичи автобус оодарылып кетти. Жол кырсыгынын айынан 72 жаштагы кыргызстандык жаран каза болду, дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

Унаа кырсыгы 9-июль күнү кечинде болду – Кыргызстандын 7 жараны бар кичи автобус Алматыдан Екатеринбург шаарына бара жатып Казакстандын Караганда облусундагы Спасск айылынан алыс эмес жерден оодарылып кеткен, деп маалымдайт Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө.

Кырсыктан 72 жаштагы Кыргызстандын жараны каза болду.

«Чүй облусунун Сокулук районундагы Биринчи май айылынын 1940-жылы туулган жашоочусу М.Бектурганова ооруканага алып баратканда каза болгон», — деп жазылган пресс-релизде.

Кыргызстандын Казакстандагы консулу Уланбек Тотуяев унаа кырсыгы тууралуу толук маалымат билбестигин айтты.

Казакстандын жол полициясы айдоочу «унааны башкара албай калгандыгын» аныктады.

Укук коргоо органдары тарабынан Казакстандын Кылмыш кодексинин 296-беренеси – жол эрежелерин бузуу боюнча кылмыш иши козголду.

Бул эки ай аралыгында Караганда облусунда кыргызстандыктардын катышуусундагы экинчи унаа кырсыгы – май айынын башында кичи автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, анда Кыргызстандын 16 жараны каза болгон.

Авторлор: Мусаввара Шукурова жана Анара Адылбек кызы
Которгон: Илгиз Чалбараков