Кыргыз бийлиги өз жарандарынын ири чыгашаларын көзөмөлдөөнү каалап жатат

Кыргызстандын өкмөтү өлкө жарандары 1 миллион сомдон ашкан бардык чыгымдары тууралуу отчет берип тура турган мыйзам долбоорун демилгеледи. Сынчылар бул салык төлөөчүлөрдүн укуктарын чектеши мүмкүн экендигин айтып жатышат.

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын чыгашаларын көзөмөлдөө жөнүндөгү» мыйзам долбоору жарандарды салык кызматынын алдында өздөрүнүн 1 миллион сомдон ашкан бир жолку келишими, ошондой эле бир жылдын ичинде 2 миллион сомдон жогорку эки же андан көп жолку келишимдери тууралуу отчет берип турууга милдеттендирет.

Эгер кыргызстандык сатып алуулары тууралуу отчет алып келбесе ал кылмыш, административдик же материалдык жоопкерчиликке тарылуусу мүмкүн.

Өкмөт жарандардын чыгашаларын көзөмөлдөө коррупция менен күрөшүүгө жардам берет деп эсептейт.

«Чыгашаларды көзөмөлдөөнү мамлекеттик кызматкерлерге карата гана эмес Кыргызстандын калган бардык жарандарына карата да колдонуу божомолдонуп жатат. Бул Кыргызстандын жарандарынын ири чыгашалары менен кирешелеринин дал келүүсүн көзөмөлдөөгө жардам берет», — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздеме маалымкатында.

Бишкек ишкерлер клубунан Азис Абакиров жаңы мыйзамдын зарылчылыгынан күмөн санайт.

«Салык төлөөчүлөрдүн укуктарын чектегендердин бардыгы тең жаман», — деп эсептейт ал.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова мамлекеттик кызматкер болбогон жөнөкөй жарандардын чыгашаларын эмне үчүн көзөмөлдөөгө алуу керектигин түшүнбөй жаткандыгын айтты.

«Мен өзүмдүн жолдошумду көзөмөлдөй албайм, ал дагы мени көзөмөлдөй албайт. Азыр акча деген суудай эле. Жарандардын чыгашаларын кантип көзөмөлгө алууга болсун?», — дейт Абдирасулова.

Өкмөттүн укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти Марат Жаманкулов көзөмөлдөө иштери салык кызматы тарабынан жүргүзүлө тургандыгын айтты. Ал мыйзам долбоору кабыл алына элек деп, андан ары түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Мамлекет биринчи кезекте жарандардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууларын көзөмөлдөөнү пландап жатат.

Мыйзам долбооруна ылайык, жаран өзү келишим түзгөндөн кийин он күн аралыгында салык кызматына келишим тууралуу маалымат жөнөтүүсү керек.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бул мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков