Кыргызстандын мектеп окуучулары так илимдер боюнча беш Эл аралык олимпиадага катышат

2012-жылы так илимдер боюнча беш Эл аралык олимпиада Кыргызстандан барган катышуучуларды көрө алат — дүйнөнүн беш башка өлкөсүндө өтө турган физика, математика, химия, биология жана информатика боюнча мелдештерге жалпысынан кыргызстандык 24 мектеп окуучусу катышат.

Кыргызстандык алты окуучу 4-июлдан 16-июлга чейин Аргентинанын Мар-дель-Плата шаарында өтө турган математика боюнча 53-Эл аралык олимпиадага кетишти.

Дагы төрт кыргызстандык окуучу биология илими боюнча акыл таймашына катышуу үчүн Сингапурга кетишти. Бул предмет боюнча Эл аралык олимпиада Сингапур шаарында 8-июлдан 15-июлга чейин өтөт.

Физика боюнча 15-июлдан 24үнө чейин өтө турган 43-Эл аралык олимпиаданын катышуучуларын Эстониянын борбору Таллин кабыл алат. Ага Кыргызстандан беш окуучу катышат.

Дүйнөлүк деңгээлдеги дагы бир олимпиада 21-июлдан 31не чейин АКШнын Вашингтон шаарында өтөт. Ага химия боюнча аймактык мелдештердин жеңүүчүлөрү катышышат. Бул турнирге Кыргызстандан төрт окуучу катталган.

Так илимдер боюнча Эл аралык турнирлерди 23-сентябрдан 30на чейин Италиянын Милан шаарында өтө турган информатика боюнча 46-Эл аралык олимпиада жыйынтыктайт. Ага Кыргызстандан беш мектеп окуучусу барат.

Дүйнөлүк деңгээлдеги мындай мелдештерге катышуу үчүн окуучулар Кыргызстандагы мектептик, райондук, облустук, шаардык жана республикалык олимпиадалардан өтүүлөрү керек болгон.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, катышуучулар олимпиадалардан келген соң Кыргызстандын каалаган жогорку окуу жайларындагы бюджеттик негизде окуу бөлүмүнө тапшыра алышат.

Химия боюнча республикалык олимпиаданын комиссия мүчөсү Мира Баткибекова «Клоопко» берген маегинде Америкада боло турган мелдеште Кыргызстандык окуучуларга дүйнөнүн дагы 70 өлкөсүнөн келген катышуучулар менен таймашууга туура келээрин айтты.

Окуучулардын калган төрт предмет боюнча олимпиадага катышуудагы чыгымдары Билим берүү министрлиги жана окуу жайлары тарабынан төлөнөт.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы окуучулардын олимпиадаларга катышуусуна канча каражат бөлүнгөндүгү тууралуу маалымат тараткан жок.

Нарындагы Субан Кожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Эрмек Белеков физика боюнча олимпиадага даярданып жатат. Анын айтымында, ал үмүттөнүп жаткан башкы белек — бул «дүйнөнүн мыкты университеттеринин биринде окуу мүмкүнчүлүгү».

«Жеңишке жетүү үчүн чындыгында эле окуш керек. Принцип – жаштардын физика илимине болгон кызыгуусун арттыруу үчүн аны окуу жана өнүктүрүү. […] Мен ал жерге өз мекенимдин атынан чыгып жеңишке жетүү үчүн баратам», — дейт Белеков.

Химия боюнча олимпиадага катышуу үчүн катталган дагы бир кыргызстандык окуучу Нурсултан Абдыжапаров. Ага дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн барган окуучулар менен таймашууга туура келет.

«Биз өз күчүбүзгө ишенебиз жана байгелүү орундарды алууга аракет кылабыз», — деди Абдыжапаров.

Авторлор: Айнура Каарманова жана Альбина Аширбаева

Редактор: Анна Лелик

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт Fox Cities Book Festival, Flickr.com. аттуу колдонуучунуку.