«Зордуктоодон» жабыр тарткан аял сот жыйынынын залында эс-учун жоготту – анын күйөөсү, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкери бул иш боюнча күнөөлүү катары өтүп жатат. Психиатр эсин жоготуу – стресске болгон «курч реакциянын» айынан болгондугун айтты. Жабырлануучуну ооруканага алып кетишти.
Республикалык гарнизондук соттун жыйынында «зордуктоо» фактысы боюнча жабырлануучу Назгүл Акматбек кызы күнөөлөнүп жаткан күйөөсү Азамат Бекбоевдин туугандары көрсөтмө берип жатканда эс-учун жоготуп, жыгылып калды.
«Бекбоев тарабынан көрсөтмө берип жаткандардын бардыгы тең жабырлануучуну айыптап, тескери, жактырбаган пикирлерин билдирип жатышты. Аны менен катар зал ичи өтө ысык болчу. Булардан улам ал эс-учун жоготуп жыгылды», – дейт жабырлануучунун психиатры Елена Ткачёва.
Акматбек кызы күбөлөрдүн айткандарын көтөрө алган эмес – ал үчүн бул «өтө травмалуу» болгон, деп эсептейт психиатр.
Бекбоевдин туугандары кандай сөздөрдү айткандыктарын билүүгө мүмкүн болгон жок – сот жыйыны жабык эшик артында өттү.
Кийинки жыйын 13-июлда болот.
Ишти кайра кароо
10-июлда Республикалык гарнизондук сот ыкчам топтун кызматкеринин аялынын күйөөсү жана айдоочусу тарабынан «зордукталгандыгы» тууралуу ишти кайра карап жаткан.
Буга чейин Бишкек гарнизондук соту жабырлануучу Назгүл Акматбек кызынын күйөөсү, УКМКнын майору Азамат Бекбоевди актап чыккан.
Бишкек гарнизондук сотунун жыйынында катышкан майордун туугандары менен кошуналары коюлган күнөөлөрдүн бардыгын четке кагышып, күйөөсүн алмаштыруу жоромолун айтышкан.
Сот жабырлануучу жыныстык катнашка өз каалоосу менен барган деген чечим чыгарып – Бекбоев аялын зордуктоого күнөөлүү эмес деп табылган.
Соттун мындай чечими укук коргоочулардын нааразычылыгын жараткан. Алар бир жыл мурун Бекбоев жана анын айдоочусу Арзыбек Тууганбаев мас абалында Акматбек кызын сабап, зордуктагандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылышкан.
Андагы соттун жыйынында да жабырлануучу судьянын чечимин угуп эс-учун жоготуп жыгылып калган.
Бекбоев тергөө аяктаганга чейин УКМКдагы жумушунан четтетилип, айдоочусу камакка алынган.
Автор: Александра Ли