Бишкектин түштүк-батышына ысык суу аз-аздап бериле баштады

Жергиликтүү жашоочулардын нааразылыгынан кийин эки ай мурун өчүрүлгөн ысык суу Бишкектин түштүк-батыш аймагындагы кээ бир жерлерине бериле баштады. Мэрия ысык суу берүүнү толук калыбына келтиргенин айтып жатат, бирок кичи райондордун айрым бөлүктөрү менен ири ооруканаларда ысык суу жок.

Жал кичи районунун жогорку бөлүгү, Совмин турак шаарчасы жана Травмотология, ортопедия борбору азырынча ысык суусуз калууда — буга чейин Бишкек шаарынын бийлиги эки айлык өчүрүүлөрдөн кийин ысык суу берүүнү калыбына келтиргендиги тууралуу билдирген.

14-майдагы өчүрүүлөрдөн кийин ысык суу Жал кичи районунун төмөнкү бөлүгүндөгү үйлөр менен Бишкек шаарынын жанындагы Орто-Сай айылына берилди.

Алгач ысык суу шаардын бардык райондору менен бирге пландык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлгөн, бирок убадаланган мөөнөттө - 14-июнда аталган бөлүктө калыбына келтирилген эмес.

Ысык суунун көпкө жок болушу июль айында Жал кичи районунун жашоочуларынын нааразычылыгын жараткан.

Бийлик анда өчүрүүлөр жергиликтүү жашоочулардын карызынан улам болуп жатат, деп түшүндүргөн.

«Бишкек жылуулук берүү» ишканасынын маалыматы боюнча, Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүнүн жашоочуларынын жалпы карызы июль айынын башына карата 10 миллион сомду түзөт.

Айдын аягына чейин жашоочулар карыздын жарымын төлөшкөн — бийликтигелердин айтымдарында, карыздар жарым-жартылай төлөнгөндүгү үчүн ысык сууну берүү калыбына келтирилген.

Ысык суу бардыгына берилген жок

Совмин турак шаарчасында жашаган «Клооптун» кабарчысы анын үйүнө ысык суу келе электигин айтты.

Ушундай эле күбөлөр «Дизель» интернет-форумунан да чыкты: андагы окурмандар ысык суу берүү Жал кичи районунун түндүк тарабындагы төмөнкү жагында гана калыбына келтирилгендигин билдиришти.

«Атайын аристонду жаап, ысык сууну агызып көрүп текшердим. Ысык суу бар экен. Убалагандай эле жума күнү – 13-июлда беришти», — деп жазат Жал кичи районунун төмөнкү жагында жашаган колдонуучу Svetlana77.

Ал эми жогорку Жалдын тургуну Shavals ысык суу такыр эле акпай жаткандыгын айтат.

Суу ысытуучу жайдан ширетүү иштери аяктаган соң ысык суу бериле тургандыгын билдиришти, деп жазат ал.

«Эки ай суу жок болду, ошол мезгилде ширетүү иштерин жасап кое алышкан жокпу!» — деп нааразы болду Shavals.

«Клооптун» кабарчыларына Травмотология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун кабылдамасынан аларда да ысык суу жок экендигин кабарлашты.

Жашоочулар бир нече жолу ысык суу үчүн алар эмес, ошол аймакта жайгашкан мамлекеттик мекемелер карыз экендигин билдиришкен.

Шаардын бул бөлүгүндө былтыр да ысык суу боюнча ушундай эле көйгөй болгон — анда шаар бийлиги түштүк-батышты борборлоштурулган суу берүүдөн бөлүп, үйлөрдү индивидуалдуу жылытууга өткөрүүнү сунушташкан.

Бирок жашоочулар бул сунуштан баш тартышкан.

Авторлор: Каныкей жана Гүлмайрам

Редакторлор: Бектур Искендер жана Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков