Депутат Айтматова башкы прокуратурага каршы кол топтоо жөнүндөгү «ушагы» үчүн «Вечерний Бишкек» менен соттошкону жатат

Парламентарий Ширин Айтматова «Вечерний Бишкектин» интер-басылмасын ал тууралуу «башкы прокурорго каршы кол топтоп жатат» деген «жалган» маалыматы үчүн сотко бергени жатат. Басылманын башкы редактору депутаттын пикирин «эмоция» деп эсептейт.

Депутат эгер басылма макалага карата төгүндөө жазса соттук териштирүүлөрдөн кутула тургандыгын айтты.

«Вечерний Бишкек» — бул мен сыйлаган гезит. [...] Менимче мени кол топтоп жүрөт деп бир нече жолу жазып жиберишти. Антүүнүн мага такыр эле кереги жок», — деди «Клоопко» депутат.

Интернет-басылманын башкы редактору Дина Маслова «Башкы прокуратура Ширин Айтматова тарабынан айтылган бардык күнөөлөрдү четке какты» деген тема менен 13-июлда басылып чыккан макала тууралуу депутаттын пикирин «эмоция» деп эсептейт.

«Азырынча биз ММКлар жөнүндөгү мыйзамды бузгандыгыбыз тууралуу бир дагы жазуу түрүндөгү аргумент ала элекпиз», — деди Маслова «Клоопко» берген маегинде.

Ал Айтматованын Аида Салянованын кызматтан кетишине кол топтоп жаткандыгы тууралуу маалыматтын анык экендигине ишенет.

«Айтматова кол топтогондугун моюнуна албай жаткандыгы тууралуу парламентте айтылган. Муну бир гана «ВечернийБишкек» жазган эмес», — деди Маслова.

Башкы редактор буга «Комсомольская правда» гезити менен«Вести.кг» маалымат агенттигиндеги макалаларды мисал катары келтирди.

Маслова көрсөткөн «Вестедеги» материалда кол топтоонун демилгечиси Айтматова эмес, «башка депутаттар» деп жазылган.

«Вечерний Бишкек» басылмасы өзүнүн «Твиттердеги» расмий баракчасында Айтматовага жооп кайтарып, депутат менен соттошууга даяр экендигин билдирген.

Депутат Салянованы «Кумтөрдүн» салыгынан 30 миллион АКШ доллары эсебиндеги каражатты эсептен чыгарып алган деп күнөөлөнгөн.

Парламентте Салянованы кызматтан кетирүү боюнча пикирлер башкы прократура тарабынан энергетика министри Аскарбек Шадиевге карата кылмыш иши козголгон соң март айынын ортосунда пайда болгон.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков