Депутат: Бала багып алуу боюнча Эл аралык уюмдар Кыргызстанда «мыйзам бузуулар менен» аккредитациядан өткөн

Кыргыз бийлиги эл аралык бала багып алуу менен алектенүүгө уруксат берген сегиз компаниянын жетиси аккредитацияларын мыйзам бузуулар менен алышкан, деп билдирди депутат Дастан Бекешев. Социалдык өнүктүрүү министрлиги бул далилденген эместигин айтты.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев бул тууралуу өзүнүн «Твиттердеги» аккаунтунда билдирген.

«Аккредитация бир катар министрликтердин макулдугусуз эле өткөн», — деп жазган ал 11-июлда.

Кийинчерээк депутат уюмдар документтерди «жалган кылып»жасашкан, деп кошумчалаган.

«Ата-Мекен» фракциясынан депутат Ширин Айтматова да ушундай пикирде.

Айтматованын кеңешчиси Мээрим Абдыева уюмдар уруксат бере турган мамлекеттик комиссиянын курамына кирген бир катар мекемелердин терс чыгарылган корутундуларын эске албай туруп аккредитация алгандыгын айтты.

Жалпысынан Кыргызстанда эл аралык бала багып алуу укугуна ээ болуу үчүн 24 компания ат салышкан. Алардын сегизи гана уруксат алды. Он эки компанияга аккредитация берүүдөн баш тартылса, дагы төртөө комиссиянын чечимин күтүп жатат.

Аккредитациялар курамында жети мамлекеттик мекеменин өкүлдөрү бар комиссия тарабынан берилген.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Екатерина Хорошманаккредитация учурунда коррупциялык фактылар аныкталгандыктан комиссия бардык компанияларды кайра карап чыга тургандыгын билдирди.

Мээрим Абдыева чет элдиктер тарабынан багылып алунууну 300дөн ашык жетим бала күтүп, кезекте тургандыгын кабарлады.

Аныкталган мыйзам бузуулар

Депутат Айтматованын командасы аккретитация берүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу өзүлөрүнүн тизмесин түзүшкөн.

Алардын маалыматтары боюнча, америкалык «Лав Баскет»компаниясы ички иштер, саламаттыкты сактоо жана тышкы иштер министрликтеринин өз корутундуларынын бербегендигине карабай Кыргызстандын аймагында бала багып алуу менен алектенүүгө уруксат алышкан.

Ушул эле маалыматтарга ылайык, испандык «Адекоп» компаниясы да тышкы иштер министрлигинин уруксатысыз эле аккредитация алган.

Америкалык «Кристиан Уорлд Эдопшн» уюму анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн мурунку жетекчисинин акча алып кетүүгө шектелип жаткандыгына карабастан аккредитация алган.

Испандык «Питипес Принсипес» уюму да Кыргызстанда бала багып алуу менен алектенүү укугуна ээ болуу үчүн ат салышкан, бирок бул мезгилде анын негизделгенине төрт гана жыл болгон.

Аккредитация жөнүндөгү өкмөттүк токтомго ылайык, компания бала багып алуу менен өз мекенинде он жылдан кем эмес мөөнөт алектениши керек.

Кийинчерээк «Питипес Принсипес» 13 жылдык тажрыйбасы бар «Ле Петит Принсэ Де Интерадоп» компаниясы менен биригип, аккредитация алган.

«Эч кандай мыйзам бузуулар жок»

«Кристиан Уорлд Эдопшн» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Гүлсина Кудаева бул күнөө коюуулар менен макул эместигин билдирип, бардык документтер чогултулуп Социалдык коргоо министлигине берилгендигин, ошондой эле документтердин бардыгы мыйзамдын негизинде алынгандыгын айтты.

Кудаева өкүлчүлүктүн мурунку жетекчилигине күнөө коюлгандыгын ырастады. «Бирок бул жөн гана текшерүү». Эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес, дейт ал.

«Эгер кайсы бир документ туура эмес болсо бизге аккредитация эч ким бермек эмес», — дейт Кудаева.

Испандык «Адекоп» компаниясынын өкүлчүлүгүнүн башчысы Эльмира нуржанованын юристи Наргиза Абдыралиевааккредитация тышкы иштер министрлигинин корутундусу жок эле алынгандыгын ырастады.

Анын пикиринде, тышкы иштер министрлигине керектүү документтерди алууга убактысы жеткен эмес, ошондуктан мекеме «Адекоп» боюнча корутундуну алып келген эмес.

Бала багып алууга карата мораторий

2008-жылы кыргыз бийлиги чет элдиктер тарабынан бала багып алууга мораторий киргизген. Бул аракеттер чет элдиктер балдардын органдарын алуу үчүн багып алып жаткандыгы тууралуу тараган ушактардан улам жасалган.

2010-жылы, президент Курманбек Бакиев бийликтен кеткен соң кыргыз бийлиги тыюу салунуу алууну убадалашкан.

2011-жылдын май айында парламент депутаттары мораторийди алып салган, ал эми августта өкмөт эл аралык бала багып алуу менен алектенүүгү аккредитация алуунун тартибин бекиткен.

Уюмдарды аккредитациялоо боюнча комиссиянын курамына жети мекеме кирген: Саламаттыкты сактоо, билим берүү, Социалдык өнүктүрүү, Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтери, ошондой эле УКМК менен башкы прокуратура.

Ошондо эле уруксат алуу үчүн билдирмелер кабыл алына баштаган.

Жобого ылайык, бир уюм отуз баладан ашык балдардын иши менен алектене албайт. .

Авторлор: Шахида Дүйшеева жана Катя Беляева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт   “Келечек ХелсПром” коомдук уюмунун сайтынан алынды