Баткен мектептери үч жылдан бери биринчи жолу жаңы китептерди алышат

Баткен облусундагы 200дөн ашык мектеп китепканалары үч жылдан бери биринчи жолу жаңы китептер менен толукталат. Мектеп өкүлдөрү идеяны колдошуп, буга чейинки мектептердеги китептер окутуу үчүн «жараксыз» болуп калгандыктарын айтышты. 

Дүйнөлүк банк жаңы китептерди чыгаруу үчүн Кыргызстанга 200 миллион сомдон ашык каражат бөлдү.

Долбоор боюнча 3 миллиондон ашык китеп басылып чыгат. Алардын 400 миңден ашыгы Баткен облусундагы мектептердин китепканаларын толуктайт.

Баткен облустук Билим берүү башкармалыгынын методология бөлүмүнүн башкы адиси Кубаныч Жолдошев мектептер жаңы китептерди 2009-жылдан бери ала электигин билдирди.

Анын маалыматы боюнча, облуста 230 мектеп бар.

«Китептер мектептеги окуучулардын санына жараша бөлүштүрүлөт. [...] бүгүнкү күнгө карата 70 миң гана китеп алынып келинди, калгандары ушул айдын аягына чейин жеткирилет“, — деди Жолдошев.

Балтабай Нуралиев атындагы орто мектептин мугалими Искендер Нуралиев мектеби 70 пайызга гана китеп менен камсыз болгондугун айтты.

Ал кошумчалагандай, күтүлүп жаткан мектеп программасындагы ревормалардан улам, китепканадагы азыркы китептер беш жылдан кийин колдонууга жараксыз болуп калат.

Баткен районундагы “Бужун” мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Багынса Темирова китепканалардагы китептер эски окуу программасына ылайыкташтырылгандыгын айтты.

“Азыркы китепканалардагы китептердин көпчүлүгү эски программа үчүн, бирок былтыр эле жаңы окуу планын иштеп чыгышпады беле”, — деди Темирова.

Анын айтымында, мектеп 2011-жылы жаңы мектеп программасы боюнча башталгыч класстар үчүн китептерди алган, эми жогорку класстар үчүн жаңы китептерди күтүп жатышат.

“Жаңы окуу жылына карата китептерди жеткирип беришет деп үмүттөнүп жатабыз”, — дейт Темирова.

Шарап Токсонов атындагы мектептин директору Канзада Дүйшееванын айтымында, анын мектеби 98 пайызга китеп менен камсыз болгон, бирок бардык китептер эски үлгүдөгү.

2012-жылдын январында Билим берүү министрлиги мектептеги окутуунун жаңы планын кабыл алган. Жаңы программа боюнча, 2012-2013-окуу жылы окутуу сааттары кыскартылышы керек.

Азырынча Кыргызстандын мектептеринде окутулуп жаткан 28 предметтин ар бирине канча сааттан бөлүнө тургандыгы белгисиз.

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков