Екатеринбургдагы башкы консул: «Патриоттор» тобунун жарымы Кыргызстанга кайтып келди


Орусияда кыргыз кыздарын кордоого шектелип жатышкан «Патриоттор» тобунун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келишти. Алар бул жерден соттон кутулуп кете алышат, деди башкы консул Гүлнур Нарматова.

Орусиянын Свердловск облусунун полициясы Кыргызстандан барган мигрант эркектерден турган «Патриоттор» кыймылынын бардык мүчөлөрүнө карата кылмыш ишин козгоду.

Алар башка өлкөнүн эркектери менен мамиледе болгон кыргыз кыздарын өз алдынча жазалап, кордогон деп шектелип жатышат.

«Патриоттордун» көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга кайтып келишти, дейт өлкөнүн Екатеринбургдагы башкы консулу.

«Башында алар [«Патриоттор»] Екатеринбургда болушкан, ошондо эле топко карата кылмыш иши козголгон», — дейт башкы консул.

Июлдун башында аталган топтун эки мүчөсү кармалган, бирок экөөнө тең башкоргоо чарасы катары белгиленген аймактан чыкпоо өкүмү чыгарылып, кое берилген. Нарматова алар бул шартты аткарып, Свердловск облусунун аймагында жүрүшкөнүн айтты.

Нарматованын айтымында, алардын иши боюнча жаңы маалыматтар жок.

Башкы консулдун жардамчысы Азатбек Белиналиев Кыргызстандын укук коргоо органдары кайтып келген топтун мүчөлөрүн эч нерсе кыла аллышпайт, анткени кыздарды коргоо Орусиянын аймагында болгон, деди.

«Эгер Екатеринбургдун укук коргоо органдары топтун күнөөлөрүн далилдесе, анда ал ишке тиешеси барларды Кыргызстанда издөөгө жарыялайт», — дейт ал.

Белиналиев эл аралык издөөгө жарыялоо процедурасы «өтө кыйын» экендигин белгиледи.

«Патриоттун» кармалган эки мүчөсү

Кармалып, белгиленген аймактан чыкпоо өкүмү менен кое берилген «Патриоттордун» эки мүчөсүнө карата «тоноочулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Азырынча «кордоо» жана «сабоо» боюнча күнөөлөр коюла элек.

«Мыйзамдын нормаларына ылайык, кордоо жана сабоо боюнча күнөөлөр аларга эки айдан кийин коюлат. Мындай шартта сот жарым жылдан кийин болушу мүмкүн», — дейт башкы консул Нарматова.

Фамилиясын айткысы келбей, өзүн Сергей Викторович деп тааныштырган «Патриоттордун» иши боюнча иш алып барып жаткан тергөөчү кыздарды кордоо боюнча кырдаал «өтө кыйын» экендигин айтып, Свердловск облусунун полициясы тарабынан тергөө жүрүп жаткандыгын билдирди.

Ал  тергөөнүн сыры деп, иш боюнча кенен маалымат берүүдөн баш тартты.

Өздөрүн «Патриот» кыймылынын мүчөсү деп атаган Кыргызстандан барган эркек мигранттар башка өлкөнүн өкүлдөрү менен жыныстык катнашта болгон мекендештерин өкүмсүз эле жазалашкан деп шектелип жатышат

Алар кыздарды суракка алуу процессин жана уруп-соккондорун видеого тартып, аны социалдык тармактарга жайгаштырышкан.

Кыздарды кышында да эшикте чечинткен учурлар катталган.

«Патриоттор» тажик менен мамиледе болгон деп күнөөлөгөн Сапаргүл аттуу кыз жабыр тарткандардын алгачкыларынын бири болгон. Аны кордоо учурунда тартылып алынган видео интернетке 2012-жылдын февралында чыккан.

Ал окуядан үч ай өткөн соң Сапаргүл Екатеринбург шаарынын полициясына арыз менен кайрылган, кийинчерээк кармалган балдарды тааныган.

Автор: Айнура Каарманова

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков