Кыргыз жана өзбек чек арачыларынын ортосундагы атышуу: эң аз дегенде бир адам каза болду


17-июль күнү кечинде Жалал-Абад облусунда Кыргызстан менен Өзбекстандык чек арачыларынын атышуусунан кийин бир адам каза болуп, экөө жараат алды. Алдын ала айтылган жоромолдор боюнча, атышуунун себеби талаш чек ара аймагындагы жолдордуу оңдоо иштери болгон.

Атышуунун жыйынтыгында, Кыргызстандын бир чек ара кызматкери каза болду.

Кыргызстандын дагы эки жараны октон жарадар болушту, деп билдирет Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү.

ИТАР-ТАСС Кыргызстандын чек ара кызматына шилтеме жасап , каза болгондор өзбекстандык чек арачылардын арасында да бар экендигин жазат, бирок азырынча бул тууралуу так маалыматты эч ким билдире элек.

Чек арачылар ортосундагы кагылышуу Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Булак-Башы айылынын тургундары Өзбекстан менен талаш аймакта жайгашкан жолду оңдоо иштерин баштагандан кийин пайда болгон.

«Биздин чек ара кызматкерлер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жол мамлекеттик чек ара аркылуу өткөндүктөн оңдоого болбой тургундыгы тууралуу айтышкан», — деп жазат ИТАР-ТАСС Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирмесин кайталап.

Эскертүүлөргө карабастан жашоочулар жолду оңдоо иштерин уланта беришкен, буга өзбек чек арачылары көңүл буруп, жумушту токтотууну талап кылышкан.

Кыргызстандык Чек ара кызматынан билдиришкендей, жергиликтүү тургундар өзбек тараптын талаптарына «агрессивдүү» реакция жасашкан. Анын жыйынтыгында, өзбек чек арачылары курал колдонгон.

Кыргызстандын чек арачылары аларга жооп кайтарып ок чыгарышкан.

АКИпресс маалымат агенттиги билдиргендей, Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара мекемелеринин жетекчилери бул кагылыш тууралуу телефон менен шашылыш сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, «кагылыштын натыйжасын тынчтык жолу менен чечүү» тууралуу макулдашууга келишкен.

Эки тараптын кагылышы Көк-Таш жана Булак-Башы айылдарын бириктирип турган унаа жолунда болгон.

Автор: Бектур Искендер

Которгон: Илгиз Чалбараков