Кыргызстан менен Өзбекстан эки өлкөнүн чек арачыларынын атышуусун иликтеп жатат

Кыргызстандын чек ара кызматы Өзбекстандагы кесиптештери менен бирге эң аз дегенде бир адамдын өмүрүн алган Жалал-Абад облусундагы эки өлкөнүн чек арачыларынын атышуусун иликтей тургандыктарын кабарлады. Кыргызстан жаңжал «жөнгө салынды», деп билдирип жатат.

Кыргызстандын УКМКсынын алдындагы Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы кыргыз жана өзбек чек арачыларынын ортосундагы кагылыш «жөнгө салынгандыгын» жана чек ара мекемелери ал кагылыш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жаткандыктарын билдирди.

УКМК тергөөнүн жүрүшү тууралуу азырынча так маалымат тарата элек.

17-июлда чек арачылардын ортосундагы атышуунун жыйынтыгында эң аз дегенде кыргыз тараптан бир чек ара кызматкери каза болду.

Азырынча өзбек чек арачылары тараптан жоготуулардын болгондугу тууралуу маалымат жок.

Кыргызстандын дагы бир жараны жарадар болду, деп жазылган УКМКнын чек ара аскерлеринин пресс-релизинде. Ал жаранга операция жасалды, учурда абалы «канааттандыраарлык» деп бааланып жатат.

Азырынча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги бул кагылышуу боюнча түшүндүрмө бербей эле.

ИТАР-ТАСС Кыргызстандын чек ара кызматына шилтеме жасап, өзбек чек арачыларынын арасында да жоготуулар бар экендигин кабарлады. Бирок бул тууралуу так маалыматты эч ким билдире элек.

Атышуулардын себептери

Чек арачылар ортосундагы кагылышуу Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Булак-Башы айылынын тургундары Өзбекстан менен талаш аймакта жайгашкан жолду оңдоо иштерин баштагандан кийин пайда болгон.

«Биздин чек ара кызматкерлер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жол мамлекеттик чек ара аркылуу өткөндүктөн оңдоого болбой тургундыгы тууралуу айтышкан», — деп жазат ИТАР-ТАСС Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирмесин кайталап.

Эскертүүлөргө карабастан жашоочулар жолду оңдоо иштерин уланта беришкен, буга өзбек чек арачылары көңүл буруп, жумушту токтотууну талап кылышкан.

«Чаткал» кыргыз телерадиокомпаниясынын Ала-Бука районунда жашаган кабарчысы Бекмурат Исаковдун айтымында, биринчи болуп Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын жарандарына карата ок чыгарган.

«Өзбек чек арачылары менен жол оңдоп жаткандардын ортосунда пикир келишпестик пайда болгондо биздикилер эскертүү катары асманга ок чыгарышты. А ушул учурда өзбек тарап түз эле адамдарга ата башташты», – дейт Исаков.

Кыргызстандык Чек ара кызматынан билдиришкендей, жергиликтүү тургундар өзбек тараптын талаптарына «агрессивдүү» реакция жасашкан. Анын жыйынтыгында, өзбек чек арачылары курал колдонгон.

Кыргызстандын чек арачылары аларга жооп кайтарып ок чыгарышкан.

Эки тараптын кагылышы Көк-Таш жана Булак-Башы айылдарын бириктирип турган унаа жолунда болгон.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков