Прокурор келбегендиктен олимпиадалык балбан кыз Тыныбекованын иши боюнча сот жыйыны жылдырылды

Ленин райондук соту прокурор келбегендиктен олимпиадалык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын иши боюнча соттун жыйынын жылдырды — аны Бишкек шаарынын борборунан 17 жаштагы кызды «сабаган» деп күнөөлөп жатышат. Тыныбекова Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөшкө катышкан алгачкы кыргызстандык балбан кыз болот.

Ленин райондук сотунун судьясы Сания Борончаева сот жыйынын 20-июлга жылдырды, анткени мамлекеттик айыптоочу башкы прокуратурага кетип, жыйынга келбей калган.

Тыныбекова менен күрөш боюнча улуттук курама команданын дагы бир мүчөсү Розалия Тилегенованын 17 жаштагы Ясмин Нурдин кызын «сабаган» деп күнөөлөнүшүнүн айынан Айсулуунун Лондондогу Олимпиадалык оюндарга баруусу арсар болуп калды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 3-апрелде спортчу кыздар Кыргыз улуттук филармониясынан алыс эмес жерден бир кызды «сабап» салышкан.

Нурдин кызы курбулары менен филармониянын жанындагы жер төлөөдөн өтүп баратып Тыныбековадан «өтүп кетейинчи» деп сурангандыгын айтты.

«Мен өтүп кетсем болобу деп сурап колум менен акырын тийип алгам. Ал буга агрессивдүү реакция жасап, нааразы болуп кыйкыра баштады», – дейт Нурдин кызы.

Андан соң аны Тыныбекова колунан алып, жер төлөөдөн чыгарып Тилегенова экөө «сабап» салышкандыгын айтты.

«Бир группалаш курбум жардам берүүгө аракет кылды, бирок колунан келбей койду. Калганы жер төлөөдөн чыгып кетүүгө гана үлгүрүп, дең-дароо болуп карап гана калышты», — деп эскерет Нурдин кызы.

Кыздын апасы Нурия Кочкорбаева «сабалгандан» кийин мурду сынып, баш сөөгү чайкалып 10 күн ооруканада жаткандыгын айтты.

«Мен аны көргөндө кийимдеринде кандан калган тактар болгон», – дейт Кочкорбаева.

Ал 514 миң сом өлчөмүндө каражат доолады — 14 миң дарыланганга жана 500 миң «моралдык доо кетиргендиги» үчүн.

Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековдун айтымында, анын окуучусу Нурдин кызын «сабаган» эмес, жөн гана бир жолу уруп койгон.

«Ал жакта кандайдыр бир инцидент болгон. Кимдир бирөө бирөөнү түртүп кеткен, бирөө жооп кайтарган. Кыздардын сөзү боюнча 10-15 гана секунд», – дейт Изабеков.

Анын пикиринде, Нурдин кызы Тыныбекова Олимпиада оюндарында байгелүү орунду жеңип калса, ага тиешелүү «акчаны алгысы» келип атат.

«Алар телевизордон Тыныбекова лицензия жеңип алгандыгын көрүп, жаман ойлору менен аракет кыла башташкан», – дейт Изабеков.

Анын айтымында, кыздын апасы Тыныбековадан 60-70 миң АКШ долларын «талап кылып жатат».

Медалга болгон негизги үмүт

Машыктыруучу анын окуучусу Олимпиада оюндарына бара тургандыгына үмттөнүп жатат — ал бул ишти «жеңил» деп эсептейт.

Спортчулардын өздөрү түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Тыныбекованын жактоочусу Тимур Жалаев аны күнөөлүү деп эсептебейт — анын пикиринде, Нурдин кызы «ушактап» атат.

«Анын күнөөсү далилденген жок, ал эми жабыр тартуучу тараптан жөн гана ушак кетип жатат. Ал өзү баштаган», – деди Жалаев.

Тыныбекова америкалык «Тайм» журналы түзгөн «көңүл бурууга татыктуу» олимпиада спортчуларынын рейтингине киргизилип, «таң калаарлык машыгуу режими» бар, жалаң эркектер менен машыгат жана ар дайым кымыз ичет деп көрсөтүлгөн.

«Тайм» журналы аны өз өлкөсү үчүн «медалга жетүүдөгү негизги үмүт» деп атаган.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков